Арнольд Шварценеггер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
==Арнольд Шварценеггер==
Арнольд Шварценеггер 1947-жылы 30-июлда Австриянын Грац шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан[[Австрия]]нын Таль кыштагында Густав жана Аурелия Шварценеггерлердин үйбүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Густав жергиликтүү полиция кызматынын башчысы болсо, апасы үй кожойкеси болчу. Арнольд менен анын жалгыз агасы Мейнхард (кийин 1971-жылы автокырсыктан каза тапкан) балалыгында атасы Густав Шварценеггердин катуу тарбиясынын алдында чоңоюшат. Турмуштары бир кыйла оор болгону менен балдарынын денсоолугу чың болуусун каалаган ата-эне тазалыкты сактап, жакшы тамактандырууга аракет жасашчу. Бирок, баары бир курсагы ач экенинен кабар берип, кичинекей Арнольд күндөн-күнгө арыктап отуруп, кээ күндөрү эс-учун жоготуп, бир канча ирет ооруканага да түшкөн. “Анда биздин үйдө сыналгы, радио, телефон, ванна дегендерден эч нерсе жок эле. Эптеп нан таап жегенибизге ыраазы болчубуз”,- деп эскерет Арнольд. Актёр алгач өзү жашаган кыштактагы Ганс Гросс мектебинде, андан кийин Грац шаарындагы Фробель орто мектебинде билим алат. Бир тууганы Мейнхарддан айырмаланып, Арнольд өтө эле шайыр жана элпек бала болгон. Ал эми агасы Мейнхарддын оор мүнөзү, мыкаачылыгы мектептен айдалууга, ал гана эмес, атасы Густавтын ичкиликке берилип кетишине алып келген. Арнольд кичинекей кезинен эле башкаларга окшобогон өзгөчө адам болууну самачу. Бир аз убакытка чейин футбол менен машыккандан кийин “команданын ар бир мүчөсүнө баш ийүүнү жана жеңишимди башкалар менен бөлүшүүнү каалабайм” деп кетип калган. Атасы ар кандай музыкалык аспаптарда кол ойноткондуктан, баласынын музыкант болуусун каалап, өз чеберчилигин үйрөтүүгө аракет жасайт. Бирок, Арнольд музыкага таптакыр кызыкчу эмес.
 
 
СПОРТ ДҮЙНӨСҮНӨ БАШБАГУУ
Футболдон[[Футбол]]дон биротоло көңүлү калган Арнольд спорттун башка түрү менен алектенүүнү чечет. Чоң спортко жолу ачыла электе эле ар бир күнүн дене тарбия көнүгүүлөрү менен баштаган. Ал эми 1961-жылы атактуу культурист Курт Марнул (“Австрия Мырзасы”, “Европа Мырзасы” титулдарынын ээси) менен таанышкандан кийин бодибилдинг менен машыгууну чечкен. Алгач спорттун бул түрүнө түз эле кирип кетүү мүмкүн эмес эле. Анткени, Арнольд өтө эле арык жана бою узун болчу. Кичинекей кезинен күжүрмөн, эмгекчил жаш спортсмен жумасына жети күн 3-4 сааттан машыгып, үйүнө күндөп-түндөп келбей калышы атасынын кыжырын келтирип, үй-бүлөлүк чыр-чатактардын келип чыгышына алып келген. Апасы болсо тескерисинче, баласынын бул каалоосун колдоп, атасы уктагандан кийин машыгууга барып туруусуна уруксат берген. Бир канча убакыт өткөндөн кийин кайрадан Курт Марнулга кайрылып, анын жардамы менен жергиликтүү сынактарга катыша баштаган. Бирок, Арнольддун курсак бөлүгүндө күч булчуңдары жок болгондуктан, ар кандай кыймылда булчуңдарын даңазалап көргөзүүдө ичин колдору менен жаап алчу экен. Кийинчерээк машыктыруучусу ага күч булчуңдарын чоңойтуучу дары-дармек каражаттарын ичирип, Арнольддун дене түзүлүшүн калыпка келтирген (ал учурда мындайларга тыюу салынган эмес).
Арнольд Америкага[[Америка Кошмо Штаттары|Америка]]га кетүүнү кичинекей кезинен эле самачу. Себеби, кедей болгондугу үчүн досторунун куру бекер ар кайсы шылтоолор менен шылдыңдашы, андан тышкары, атасынын да “Золушка” деп тамашалашы жүрөгүнө катуу тиер эле. Бул тилеги ишке аша электе 1965-жылы аскер кызматын өтөөгө чакыруу кагазын алат. Жашы 21ден ашып калгандыгына байланыштуу танк айдоочусу катары кабыл алышкан. Ал эми ал учурда Арнольд бир гана кичинекей масштабдагы конкурстарга катышууну эмес, “Ааламдын Мырзасы” титулуна ат салышууну көздөп, бодибилдинг менен андан да көбүрөөк машыга баштаган. Ал гана эмес, “Европа Мырзасы” титулун алуу үчүн аскерден эч кимден уруксат сурабай эле кетип калган. Бул наамдын ээси болуп кайтканына карабастан, келгенден кийин аскер кызматкерлери өз жазасын колуна карматышат. Кийинчерээк 1966-жылы келечектен көптү талап кылган Арнольд Германиянын Мюнхен шаарына кетип, ал жактан чакан бир фитнес-клубдун машыктыруучусу болуп ишке орношкон. Дагы да болсо турмуш кысымына кабылып, ошол клубдун спорт аянтчасында жерге жатып уктаган күндөрү да болот. Алган акчасын топтоп отуруп, ижарага бир бөлмөлүү батир алып жашай баштайт. Бирок, эң негизгиси, жашоосунда жаңы бурулуш жолду көрсөткөн немис бодибилдингчиси Рейнхарт Сволан менен дал ушул жерден таанышкан. Анын колдоосу менен “Ааламдын Мырзасы” конкурсуна барууга Англияга чейинки жол кире топтоого киришет.
 
 
Line 19 ⟶ 20:
 
Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева
 
[[категория:инсандар]]