Анатомия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
```'''Анатомия```'''(киши анатомиясы) — киши [[организм]]инин формасы, түзүлүшү жана өнүгүшү жөнүндөгү илим. Анатомия — теориялык жана практикалык [[медицина]]нын негизги дисциплиналарынын бири. Киши -организмин анатомиялык изилдөөлөргө органдардын сырткы жана ички түзүлүшүн ырааттуу так баяндап жазуу кирет. Киши денесинин түзүлүшүн изилдөө ылайыктуу болсун үчүн Анатомия функциясы, түзүлүшү жана өнүгүүсү окшош органдар системасы боюнча баяндалат. Буга байланыштуу Анатомия төмөнкүчө бөлүнөт: остеология — сөөк жөнүндөгү окуу, артросин-' десмология — сөөктөрдүн биригиши (анын ичинен муундар жана байламталар жөнүндөгү окуу), миология — булчуңдар, спланхология — ички органдар (дем алуу, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу жана көбөйүү органдары), ангиология — кан жана лимфа системалары, неврология — борбордук четки нерв системасы, эндокринология — ички секреция бездери, эстезиология — сезүү органдары жөнүндөгү окуу. Анын киши тиричилигинде жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу органдардын формасы менен түзүлүшүнүн мыйзам ченемдүү өзгөрүшүн изилдөөчү бөлүгү курактык Анатомия деп аталат. Айрым органдар менен [[система]]лардын түзүлүшүн жанаа формасын функцияларына байланыштуу изилдөө функциялык Анатомияда каралат. Органдардын жана системалардын микроскопиялык түзүлүшү жөнүндөгү окуу — гистология. Органдар менен ткандардын оору процессинин өзгөрүлгөн формасы жана түзүлүшү жөнүндөгү окуу — патологиялык Анатомия өз алдынча илим катары Анатомиядан бөлүнүп чыкты. Анатомиянын изилдөө методдору да ар, түрдүү.
 
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Анатомия" булагынан алынды