Ак-Бешим: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[ФайлFile:Ак-Бешим(Суяб).jpg|200pxthumb|thumbnail|defaultАк-Бешим.jpg]]
'''Ак-Бешим''' — топоним.Манас эпосунда Чүй өрөөнүндө жайгашкан шаар катары сүрөттөлөт. Бул маалымат тарыхта белгилүү Ак-Бешим шаарчасы менен байланышып, географиялык реалияда эпикалык топоним тарыхый топоним менен дал келүүдө. [["Манас" эпосунда]] бу жерди Акунбешим бийлегендиги айтылат. [[Сагымбай Орозбаков]]дун вариантында «Манас баатыр [[Чүй]]дөгү Акунбешимди жеңгени» деген өзүнчө окуя баяндалат. Бирок, жазма даректерде мындай ысымдагы башкаруучу кезикпейт. Токмок шаарынын түштүк-батыш жагынан орун алган Ак-Бешим шаар чалдыбары 10—12-кылымда «Караханийлердин» резиденциясы болгондугу чындык. Шаардын 7—8-кылымда «[[Суяб]]», «Ордукент» аталгандыгы белгилүү. Тынымсыз чабышуулар менен көчмөн турмуштун таасиринен шаар акырындап жоголгон. Элдик уламыштар менен «Манас» эпосунун айрым эпизоддорунда 11 — 13-кылымдагы окуялар чагылдырылып, шаар менен эпикалык каарманга бирдей энчилүү ат берилген. 11-кылымдан кийин шаар тарыхта такыр эле эскерилбейт.
[[Category:Кыргызстан]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ак-Бешим" булагынан алынды