Алымкул Аталык: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
1-сап:
АЛЫМКУЛ АТАЛЫК, М о л д о Алымкул (1829–1865) – түштүк кыргыздардын феодал төбөлдөрүнүн ж-а саясий ишмерлеринин бири. Ичкилик тобундагы кыргыз-кыпчак уруусунан. Бала чагында Бужум-Баткендеги мусулман мектебинен билим алып, кийин [[Анжиян]], Кокондогу медреседен окуган. Ал жездеси Тагайкул датканын жардамы м-н аскер ишин өздөштүргөн. Кезегинде ал [[Алымбек датка|Алымбек даткага]] кошулуп, [[Кудаяр хан|Кудаяр хандын]] ордуна [[Мала хан|Мала ханды]] көтөрткөн. 1862-ж. [[Мала хан]] өлтүрү-лүп, тактыга Шаамурат олтурат, ал эми А.а. хандыктын башкы вазири болуп дайындалат. 1863-ж. жазында А.а. төңкөрүш уюш-туруп, тактыга Мала хандын уулу Султан Саидди отургузат да иш жүзүндө хандыкты өзү башкарган (1863–65). 1865-ж. [[Ташкен]]дин жанында орус падышалыгына каршы согушта жаракат алып, каза тапкан.