Аба (атмосфера): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[File:Аба.jpg|thumb|аба.jpg]]
[[File:Тоонун абасы.jpg|thumb|тоонун абасы.jpg]]
'''Аба'''
Аба — [[жер]] атмосферасын түзүүчү газдардын аралашмасы. Негизинен [[азот]] (78,09%) менен кычкылтектен (20,95%) турат. Абага гигиеналык баа берүүдө анын хим. составы, физ. константалары, температурасы, нымдуулугу, кыймылынын ылдамдыгы, барометрлик басымы, ошондой эле аралашмалар (чаң, микроорганизмдер) эске алынат. Жердеги абанын жалпы массасы т. Адам үчүн кычкылтек өтө маанилүү. Жер атм-расында 1,18х гдай кычкылтек болот. Абадагы кычкылтектин запасын өсүмдүктөр бөлүп чыгарып, толуктап турат. Бизди өсүмдүк канчалык көп курчап турса, Аба ошончолук таза жана кычкылтекке бай болот. Адам тынч турганда 12ден 17 лге чейин кычкылтек сарптайт, ал эми иштегенде андан көбөйөт. Кандын кычкылтек менен каныгуусу анын Абадагы проценттик составына эмес, кычкылтектин парциалдык басымына байланыштуу болот. Кандай гана бийиктикте болбосун А-нын проценттик составы бирдей, бирок бийиктеген сайын кычкылтектин парциалдык басымы төмөндөйт, ага пропорциялуу барометрлик басым да азаят. Мис., деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте барометрлик басым 674 мм сым. мам., кычкылтектин парциалдык басымы 141 мм сым. мам., 3000 м бийиктикте барометрлик басым 525,98 жана парциалдык басымы 110 мм сым мам. барабар болот. А-дагы кычкылтектин парциалдык басымынын азайышы организмге таасир этет. Парциалдык басым 140 мм сым. мам. болгондо кычкылтек жетишсиздигинин биринчи белгилери — гипоксия байкалат. Анын 110 мм сым. мам. чейин төмөндөшүнөн түтөктүн белгилери — баш айлануу, булчуң бошоңдошу, дем кыстыгуу, жүрөктүн тез согушу ж. б. функциялык бузулуулар байкалат. Кычкылтектин парциалдык басымынын 55,7— 48,3 мм сым. мам. чейин төмөндөшү (8000—9000 м бийиктикте) адамды өлүмгө учуратышы мүмкүн.
А-нын составындагы азот инерттүү газдарга кирет. Абада [[азот]]тун көбөйүшү андагы кычкылтектин парциалдык басымын төмөндөтөт жана наркотиктик таасир бериши мүмкүн, бирок атмралык А-да мындай кубулуш байкалбайт, анткени андагы азоттун өлчөмү көп өзгөрбөйт. Суучулдарда суу астындагы иштерди аткарууда инженер-тех. жана мед.-биол. эрежелердин бузулушунда азоттун наркотиктик таасири байкалат. Мында көрүү, угуу жана сезүүлөрдү кабыл алуу, эске тутуу начарлайт, тынчсызданып, кыймыл координациялары бузулат.