Ала-Арча Улуттук Парк: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
Аарча улуттук табият паркы-мамлекеттик тарабынан коргоого алынган аймак, улуттук парк. Кыргыз Ала-Тоосунун эң бийик борбордук бөлүгүнөн башталып, түн. тарапты карай созулуп жаткан. Аларча кап-
чыгайын ээлейт. [[Бишкек (шаар)|Бишкек]] шаарынан 35 км түштүк тарапта. Аянты 19,4 миң га. Деңиз деңгээли
1600–4200 м бийиктикте; орточо бийиктиги 3300 м. Паркты уюштурууга чейин капчыгай аркылуу Суусамыр жайлоосуна малайдалчу жол өткөндүгүнө жана анда шаар калкынын чар жайыт эс алгандыгына байланыштуу, илимий жолго коюлбаган чарбалык пайдалануудан Аларчанын экосис-темасы, айрыкча жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү бир кыйла өзгөргөн. Парк Аларча капчыгайынын уникалдуу ландшафтын коргоо, табигый өсүшүнө жана калыбына келишине шарт түзүү, ошондой эле ал жерде калктын эс алуусун пландуу уюштуруу максатында 1976-ж. негизделген. Аларча жанаша жаткан капчыгайлардан табигый шарты башкача бир топ айырмаланат. [[Кыргыз Алатоо, тоо|Кыргыз Ала-]] Тоосунун негизги кыркасынан ажырап, түндүктү карай жапыздап,
чыгышынан Аламүдүн, батышынан Жыламыш капчыгайларынан бөлүнүп турат. Капталдарын тик аскалар жана коргул таштар ээлеген капчыгайдын рельефи татаал. Жогору жагы төрлөр, жылгалар, тепши
сымал өрөөндөр, аскалуу бийик чокулар менен бүтөт.Аарча улуттук паркынын жана жалпы эле