Мацуо Башё: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
|||
1-сап:
==Кыскача өмүр баяны==
[[Жапония|Жапон]] элинин улуу акыны Басё 1644-жылы Уэно деген провинциалдык шаарда бай эмес, бирок оокаттуу [[самурай|самурайдын]] үй бүлөсүндө үчүнчү бала болуп төрөлгөн. Анын ата-энеси, бир туугандары билимдүү кишилерден болгон.
Бир тууган агасы менен атасы Мацуо каллиграфиядан сабак беришчү. Ал кезде билимдүүлөр деп кытай классикасын мыкты билгендерди эсептешчү. Басё да [[Кытай адабияты|кытай адабиятын]] окуп чоңойду. Анын сүйгөн акыны [[Ду Фу]] болгон. Басёну түшүнүш үчүн ал жашаган доорго да көз чаптыра кетүү зарыл. Басё [[Жапония|Жапонияда]] гүлдөн феодализм доорунун аяктап бараткан мезгилинде, б.а., өткөөл мезгилде жашаган.
Басё [[Поэзия|поэзия]] боюнча окутуучулук менен алектенген. Аны жолоочу акын десек болот. Өмүрүнүн көпчүлүгүн жер кезип өткөргөн. Ырларынын аягына өз атын эмес, Басё - банан дарагы деген псевдоним менен жазган.
Ошентип [[Акын|акындын]] өз аты Мунефуса кийинчерек таптакыр унутулуп, Басё деген адабий псевдоними эл арасына таралып кеткен. ==Поэзия==
Басёнун дооруна чейин классикалык ыкмада жазылган беш сап ырлар ([[Танка|танка]]) үстөмдүк кылган. [[Киото|Киотодо]] императордун сарайында беш сап ырлар боюнча акындардын жарышы жүрүп, элдик эски күүлөр ойнолчу. Басё кылымдар бою келе жаткан поэтикалык салтка жаңы ыкманы, жаңы демди киргизген. Бул жаңычылдык - ал жазган үч сап ырлар (хайку, [[Хокку (хайку)|хокку]]) эле. Үч сап ырлар, албетте, ага чейин эле жазыла баштаган. Бирок, Басёнун ырларынан кийин гана үч сап ырлар жапон поэзиясынан туруктуу орун алды.
==Хоккулар==
|