Аллергия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Аллергия''' — организмдин айланачөйрөдөгү түрдүү заттарга — аллергендерге өзгөчө сезгичтиги. А. оорулары байыркы замандан белгилүү болгон. Байыркы грек врачы [[Гиппократ]] айрым тамак-аш жакпай ич өтүп, бөрү жатыш болорун, байыркы рим врачы Гален роза гүлүнүн жытынан мурундун бүтүшүн белгилеген.
А-лык оорулар ([[Бронх астмасы|бронх астмасы]], поллиноз, бөрү жатыш, дерматиттер, дарыдан жана тамак-аштан болгон А.) дүйнөдө кеңири таралган. Буга [[Антибиотиктер|антибиотиктерди]] ж. б. дары-дармектерди көп пайдалануу, хим. өнөр жайдын тез өсүп, синтездик материалдардын, боёктордун, кир кетиргичтердин ж. б. турмуш-тиричиликке керек хим. заттардын көбөйүшү себеп болот. Жөнөкөй хим. заттардан тартып, эң татаал (белоктор, полисахариддер) бирикмелерге чейин аллерген болушат. Организмге сырттан таасир эткен (экзогендик) жана организмдин ичинде пайда болгон (эндогендик) аллергендер бар. Экзогендик аллергендер инфекциясыз (чаң, жүн, дары-дармек, өсүмдүк чаңчасы, хим. заттар, тамак-аш) жана инфекциялуу (бактериялар, вирустар, козу карындар) болуп айырмаланат.
Экзогендик аллергендер төмөнкү топторго бөлүнөт:
1. Биологиялык аллергендер. Аларга микробдор, [[Вирустар|вирустар]], козу карындар, мителер, кан сары суусу жана вакцина дарылары кирет. Көпчүлүк жугуштуу ооруларды А. коштойт. Микробдор, вирустар, козу карындар пайда кылган, алардын өнүгүшүнө А. чоң роль ойногон мындай оорулар инфекция — аллергиялык оорулар деп аталат. Бул ооруларды демейде кишинин терисинде, дем алуу жолдорунда, оозунда, ичегисинде жайгашкан микробдор, ошондой эле тиштин чириши, мурундун кошумча коңулдарынын сезгениши, холецистит ж. б. сезгенүү процесстери пайда кылат. Организмге кан сары суусун, вакцина куйганда анафилакция сыяктуу А-лык реакция болушу мүмкүн.
2. Дары аллергендер. Көпчүлүк [[Дары-дармек каражаттары|дары-дармектер]], мис., кодеин, аспирин, сульфаниламиддер, пенициллин, новокаин ж. б. дарылар А-лык кабылдоолорду пайда кылат. Антибиотиктер, айрыкча пенициллин А-лык кабылдоого арбын чалдыктырат. Башка дарыларга караганда андан өлүмгө учуратуучу А-лык реакция көп болот. Ошондуктан дарыларды врачтын көрсөтмөсү жок кабыл алуу өтө коркунучтуу.
3. Турмуш-тиричилик аллергендери. Буларга чаң, нымдуу үйдөгү козу карындар, курткумурскалардын (кантала, таракан ж. б.) бөлүкчөлөрү, чач, жүн ж. б. кирет. Акыркы мезгилде турмуш-тиричилик химиясына, а. и. кир кетиргич күкүмдөргө А-лык реакция көп учурайт. Бул аллергендер дем алуу жолдорунун аллергиялык оорусун (бронх астмасы, мурун бүтүү) пайда кылат.
4. Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүнүн (көбүнчө шамал аркылуу чаңдашуусу) чаңчалары организмге киргенде А. оорусун пайда кылат. Мында мурун бүтөт, коньюнктивит болот ж. б. Өсүмдүк чаңчасынан болгон А. поллиноз деп аталат. 5. Тамак-аш аллергендери. Көпчүлүк тамак-аш азыктары, мис., сүт, жумуртка, эт, балык, помидор, цитрустар, шоколад, кулпунай ж. б. А-ны көп пайда кылат. Тамак-аш ичеги-карынга түшкөндөн бир нече минутадан кийин А-лык реакция башталат. Мис., сүткө А. болгондо аны ичкенден бир нече минута өткөндөн кийин кусуп, ичи өтүп, андан соң бөрү жатыш, ысытма болушу мүмкүн. Тамак-аштан болгон А. демейде ичегикарыны начар иштеген кишилерде көп жолугат. Балдарга тамакты көп берүү тамак-аш А-сынын өөрчүшүнө түрткү берип, аларда диатез пайда болот. Айрым учурда тамак сиңирүүчү маңызда кээ бир ферменттердин жетишсиздигинен А-га окшоп, тамак сиңирүү бузулушу мүмкүн. 6. Өңөр жай аллергендери. Хим. өнөр жайлардын өсүшүнүн натыйжасында өндүрүштө жана тиричиликте түрдүү заттарды көп пайдалануу ар кандай А-лык реакциялардын өөрчүшүнө алып келүүдө. Алар көбүнчө терини жабыркатып, кесиптик дерматиттерди пайда кылат.
23-сап:
 
[[Категория: Медицина]]
[[Category:Таажы-2012]]
[[Категория: Ден-соолук]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Аллергия" булагынан алынды