Алтын-хан мамлекети: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
1-сап:
Алтын-хан мамлекети – Моңго-лиянын[[Моңголдор|Моңголиянын]] түндүк-батышында 16-к-дын аягында түзүлгөн мамлекет. 16- к-дын 80-ж. Дзасахту хандык ээлигинен бөлүнүп чыгышкан. Анын негиздөөчүсү Шолой Убаши (1567–1627) [[Чыңгыз Хан|Чыңгыз хандын]] урпактарынын бири. А-х. мамл-нин ордосу Убсу-Нур (Моңголия) көлүнүн айланасында жайгашкан. 17-к-дын башында өз ээликтерин енисейлик кыргыздар ж-а алардын кыштым капчыгайларынын эсебинен кеңейткен. Салык төлөөгө мажбур болгон кыргыздар иш жүзүндө көз каранды болушкан эмес. Кыргыздардын үстүнөн бийлигин кармап туруу үчүн А-х. м. барымта кармоо адатын пайдаланган. Хандыктагы ич ара күрөштөрдө кыргыздар четте турушкан эмес.
 
Кыргыздардын каардуу мүнөзү моңголдордогу каймана түрдө айтылган «харгис» (кыргыз) – каардуу жырткыч, кекчил деген сөздөрдүн келип чыгышына алып келсе керек. [[Жуңгар хандыгы|Жуңгар ханы]] Сенге Тайши тарабынан талкаланган. Азыр да мурдагы А-х.м-нин аймагында (түндүк– батыш Моңголия) хара хиргис, шара хиргис, модон хиргис сыяктуу моңгол уруулары, кыргыздарга байланыштуу жер-суу аттары учурап, орто кылымдагы кыргыз-моңгол тарыхый–этностук байланыштарынан дарек берет. 1663-ж. енисейлик кыргыздардын бир бөлүгүн А-х. м. азыркы [[Тувалыктар|Тува]] аймагына көчүрүшөт. Ошол кыргыздардын урпактары тувалардын курамында «кыргыз» уруктары катары белгилүү.
 
[http://bizdin.kg/books/item/24-short_hist_enscl Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003]
[[Category:Тарых]]
[[Category:Таажы-2012]]