Аздар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Аздар''' азбудун– орто кылымдагы жазма булактарда, руна жазууларында кездешкен калктын аты. Жазма булактарда түргөштөр тухси жана аз деп экиге бөлүнгөн. Тоң-Йокукка арналган жазууда Көгмөн тоо-сун ашып, кыргыздарды чабаарда, өздөрү мурда багындырган талаа тилкеден келген аз уруусунун бир адамын жол көрсөткүч катары алышат. Тексттин кийинки саптарына карап болжогондо, жергиликтүү жол көрсөткүч жолдон адашканы (адаштырганы – К.Табалдиев) үчүн сайып өлтүрүлгөн. Л.П.Потаповдун пикири боюнча аздар мурун Туванын батышында жашап, 716-ж. [[Чыгыш Түрк кагандыгы|Чыгыш Түрк каган]]дыгы тарабынан талкаланган соң, басымдуу бөлүгү түштүк-батышка ооп, Жетисуудагы түргөштөргө кошулган. Калгандары Саян-Алтай элинин ичинде 6 өзүнчө топту түзүп калышкан. Күлтегинге арналган жазууда Аздар кыргыз элин курап келдик «аз кыркыз будуныг йарат келтимиз…» деп, Барсбектин эли аталат. В.Я.Бутанаев Енисейдеги Кыргыз мамлекетинин башкаруучу уруусу Аздар аталган деп болжойт.
 
Пайдаланылган адабиятттар:
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Аздар" булагынан алынды