Альпинизм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[File:Альпинизм.jpg|thumb|Альпинизм.jpg]]
[[File:Альпинизм1.jpg|thumb|Альпинизм.jpg]]
'''Альпинизм''' — тоо чокуларына чыгуу спорту. Альпинизм адамды чечкиндүүлүк, өзүн башкара билүү, эрктүүлүк, күчтүүлүк, чыдамкайлык ж. б. сапаттарга тарбиялайт. Альпинизмди туура уюштуруу [[Ден соолук|ден соолукту]] бекемдөөнүн жана активдүү эс алуунун пайдалуу каражаты боло алат. Бийик тоого чыгууда тоо шартынын татаалдыгы альпинисттердин нерв жана күч жагынан даярдыгын талап кылат. Бийик тоого чыгууда организмге патологиялык өзгөрүүлөрдү пайда кылуучу негизги фактор — [[кычкылтек]] жетишсиздиги (караңыз Гипоксия). Ал дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системасынын функцияларынын кескин бузулушуна алып келет. Айрыкча дем алуу функциясынын өзгөрүшү (тез-тез үстүртөн дем алуу, анын ыргагынын бузулушу) байкалат. Тамакка табит тартпай, уйку начарлайт, ошондой эле жүрөк-кан тамыр жана борбордук нерв системасында өзгөрүштөр болушу мүмкүн. Альпинисттердин органдарындагы жана системасындагы бузулуулар жана өзгөрүүлөр, тез өтүп кетүүчү, убактылуу мүнөзгө ээ. Бул өзгөрүүлөрдүн деңгээли альпинисттин организминин жеке касиетине жана машыгуусуна байланыштуу. Бийиктикке көнүгүү үчүн ар кандай бийиктикте жайгашкан альпинисттик лагерлерде болуу (баскычтуу акклиматизация) максатка ылайык.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Альпинизм" булагынан алынды