Мацуо Башё: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
5-сап:
==Кыскача өмүр баяны==
 
[[Жапония|Жапон]] элинин улуу акыны Басё 1644-жылы Уэно деген провинциалдык шаарда анча бай эмес, бирок оокаттуу [[самурай|самурайдын]] үй бүлөсүндө үчүнчү бала болуп төрөлгөн. Анын ата-энеси, бир туугандары билимдүү кишилерден болгон.
 
Бир тууган агасы менен атасы Мацуо [[Каллиграфия|каллиграфиядан]] сабак беришчү. Ал кезде билимдүүлөр деп кытай классикасын мыкты билгендерди эсептешчү. Басё да [[Кытай адабияты|кытай адабиятын]] окуп чоңойду. Анын сүйгөн акыны [[Ду Фу]] болгон. Басёну түшүнүш үчүн ал жашаган доорго да көз чаптыра кетүү зарыл. Басё [[Жапония|Жапонияда]] гүлдөнгүлдөгөн феодализм доорунун аяктап бараткан мезгилинде, б.а., өткөөл мезгилде жашаган.
 
Басё [[Поэзия|поэзия]] боюнча окутуучулук менен да алектенген. Аны жолоочу акын десек болот. Өмүрүнүн көпчүлүгүн жер кезип өткөргөн. Ырларынын аягына өз атын эмес, Басё - "банан дарагы" деген адабий ат (псевдоним) менен жазган.
 
Ошентип, [[Акын|акындын]] өз аты Мунэфуса кийинчерек таптакыр унутулуп, Басё деген адабий псевдонимиаты эл арасына кенири таралып кеткен.
 
==Поэзия==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мацуо_Башё" булагынан алынды