Бектурсун Алымов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
6-сап:
Жалал-Абаддагы педогогикалык окуу жайын (1951-жылы), Ош мамлекеттик педогогикалык институтун (1955-жылы) бүтүргѳн. Ош областынын Ноокат, Араван, [[Жалал-Абад|Жалал-Абаддагы]] [[Ноокен]] районундагы мектептерде мугалим, директор, [[Кыргыз мамлекеттик университети|Кыргыз мамлекеттик университетинде]] ага окутуучу, доцент, [[Профессор|профессор]](1986-жылы)эмгектенген. Ал кыргыз адабиятын окутуу методикасынын пайдубалын түптѳгѳн белгилүү илимпоздордун бири. Кѳптѳгѳн адабий-теориялык жана методикалык эмгектерди жаратып, ѳз чыгармачылыгы аркылуу окурмандын философиялык-педогогикалык ой-дүйнѳсүнүн, жалпы маданиятынын жогорулашына чоң салым кошкон.<br>.
== Эмгектери ==
Анын калеминен 200дѳй илимий эмгектер, окуу китептери жаралган. Орто мектептердин 7-, 8-, 9-класстары үчүн кыргыз адабияты боюнча программалардын, окуу китептеринин жана методикалык эмгектердин автору. Алымовдун «Шакиртиме кат» (1981) аттуу кѳркѳм публицтикасы жазылып, [[«Жараланган жүрѳк»]] фильм-спектакли тартылган. «Ѳмүр элестери», «Күүнүн сыры» драмалары элдик театрларда коюлган. Бишкек шаарындагы № 39 мектепке анын ысмы берилген.<br>
Эмгектери: [[Токомбаев, Аалы|А.Токомбаевдин]] чыгармаларын мектепте окутуу. Ф., 1965, 1976; Жогорку класстарда жазуу жумуштарын жүргүзүүнүн айрым маселелери. Ф.,1968; Кыргыз совет адабиятын окутуунун айрым маселелери. Ф., 1972; Кыргыз совет адабиятынокутуунун методикасы (жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу китеби.) Ф., 1981; II китеп
==Колдонулган адабияттар==
*Кыргыз энциклопедиясы.Б.,2006-жыл
[[CotegoryCategory:Педагогика]]
[[CotegoryCategory:Инсандар]]
[[CotegoryCategory:Таажы 2012]]