Мацуо Башё: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
9-сап:
Бир тууган агасы менен атасы Мацуо [[Каллиграфия|каллиграфиядан]] сабак беришчү. Ал кезде билимдүүлөр деп кытай классикасын мыкты билгендерди эсептешчү. Басё да [[Кытай адабияты|кытай адабиятын]] окуп чоңойду. Анын сүйгөн акыны [[Ду Фу]] болгон. Басёну түшүнүш үчүн ал жашаган доорго да көз чаптыра кетүү зарыл. Басё [[Жапония|Жапонияда]] гүлдөгөн феодализм доорунун аяктап бараткан мезгилинде, б.а., өткөөл мезгилде жашаган.
 
Басё [[Поэзия|поэзия]] окутуучулук менен да алектенген. Аны жолоочу акын десек болот. Өмүрүнүн көпчүлүгүн жер кезип өткөргөн. Ырларынын аягына өз атын эмес, Басё - "банан дарагы" деген адабий ат (псевдоним) менен жазган.
 
Акындын чыгармачылык өмүрүндө чоң окуя анын Эдонун жанындагы Фукагава жерине келиши болот. 1680-жылы Басё шакирти Сугияма Сампу белек кылган Сумида суусунун жээгиндеги алачыкта жашап калат. Анын жанында банан, пальма дарагы отургузулуп, ал эми алачык «Банан алачыгы» деп аталган. Ошол себептен, ырларынын аягына өз атын эмес, Басё - "банан дарагы" деген адабий ат (псевдоним) менен жазган.
 
Ошентип, [[Акын|акындын]] өз аты Мунэфуса кийинчерек таптакыр унутулуп, Басё деген адабий аты эл арасына кенири таралып кеткен.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мацуо_Башё" булагынан алынды