Бернулли теңдемеси: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Бернулли теңдемеси (интегралы) – гидромеханиканын идеалдык суюктуктун туруктуу агымындагы ..."
(Айырма жок)

8 декабрь 2012, саат 12:59 учурдагы нуска

Бернулли теңдемеси (интегралы) – гидромеханиканын идеалдык суюктуктун туруктуу агымындагы ылдамдык менен басым (физикалык )басымды байланыштыруучу негизги теңдемелеринин бири. Б. т. кыймылдагы суюктуктун энергиясынын сакталуу законун туюнтат: pgh + p + pϑ2/2 = C Формуладагы биринчи мүчө – гидравликалык, экинчиси – статикалык, үчүнчүсү – динамикалык кысым; С – берилген суюктуктун чубуруп аккан агымынын туурасынан кесилишин туюнтуучу турактуу чоңдук, ϑ - суюктуктун агымынын ылдамдыгы, ρ - тыгыздыгы, р – басым, h – суюктуктун бийиктиги. Бернулли теңдемеси кээде h+ρ/ɣ + υ2 /2g = C түрүндө жазылат, мында ɣ = ρg суюктуктун салыштырма салмагы. Теңдеменин сол жагындагы эки мүчөнүн суммасы потенциалдык энергияны, үчүнчү мүчөсү суюктуктун кинетикалык энергиясын туюнтат.

Эгерде суюктук туурасынан кесилиши бирдей эмес түтүк бойунча акса, анда түтүктүн кууш жеринде динамикалык кысым чоң, статикалык кысым аз болот. Түтүктүн кең жеринде тескери кубулуш байкалат. Бернулли теңдемеси газдарга колдонулса, теңдеме төмөнкүчө жазылат:

, мында П – суюктуктун бирдик массасына тиешелүү талаанын потенциалдык энергиясы. Жалпы учур үчүн теңдеминин сол жагы суюктуктун же газдын ички сүрүлүү күчүнө каршы аткарган жумушун туюнтат. Бернулли теңдемеси түтүк, насос, компрессор ж. б. эсептөө иштеринде кеңири колдонулат.