Шаршеналы Абдылдаев: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
No edit summary
1-сап:
[[File:Абдылдаев Шаршенаалы.jpg|left|thump|Абдылдаев Шаршеналиев - жазуучу, котормочу]]'''Абдылдаев, Шаршеналы''' - жазуучу жана котормочу. Кемин районундагы Бейшеке айылында 1937-жылы 12-майда туулган.
 
1955-жылы Кичи-Кемин орто мектебин бүтүргөндөн кийин Фрунзе-дегиФрунзедеги айыл чарба машиналарын куруу заводунда жумушчу болуп иштеген. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тил жана адабият факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, 1961–1969-жж. Кыргыз ССРинин радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде көркөм адабият бөлүмүндө редактор, улук редактор, башкы редактордун орунбасары, 1969-жылы «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо редакциясында улук редактор, көркөм адабий редакциянын бөлүм башчысы, 1972-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода иштери боюнча мамлекеттик комитетинин басмалар боюнча башкармасында улук редактор, бөлүмдүн начальниги, 1983-жылдан СССР Жазуучулар союзунун адабият фондусунун кыргыз бөлүмүнүн директору, 1986-жылдан «Ала-Тоо» журналынын бөлүм башчысы, 1993-жылдан Кыргызстан Кинематографисттер союзунун уюштуруу-катчысы, 1995-жылдан республикалык «Китепсоода» бирикмесинин башкы директору, 1998–2008-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Редакциялык-басма бөлүмүндө кеңешчи, улук кеңешчи болуп иштеген.
 
1975-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун, 1961-жылдан Журналисттер союзунун, 1994-жылдан Кинематографисттер союзунун мүчөсү.