Адамзат: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[File:Indian family in Brazil posed in front of hut.jpg|thumb|right|Алгачкы адамзаттар]]'''"[[Адам]] жана [[Жер]]"''' же '''"Адам жана Жаратылыш"''' ад деп айтуу адат болуп калган, бирок минтип айтуу [[орто кылым|орто кылымдардан]] мураска калган жөнөкөй, мажес [[антропоцентризм]] экендиги орто мектепте эле түшүндүрүлөт. Ооба, адам техниканы ойлоп чыгарды, аны мезозой заманында жашаган динозавр да, кайназой заманында жашаган махайродус да ойлоп чыгара алган эмес. А бирок XX кылымдын бардык жетишкендиктерин пайдаланып жашап жаткан ар бир адам да түр катары жашоонун маңызын түзгөн(Жаратылыш<ref>{{URL|http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%96%D0%B0%D1%80%D0%B0%D1%82%D1%8B%D0%BB%D1%8B%D1%88|жаратылыш}}</ref>)өзүндө камтып турат. Адамдардын бир да бири кандай шарттарда болбосун абадан [[Дем алуу|дем алып]], [[тамактануу|тамактануудан]], өлүмдөн сактануу- дан жана өз тукумун сактап калуудан эч качан баш тартпайт. Адам түрдүн чегинде [[Жер планетасы|Жер планетасынын]] бир катмары болгон биочөйрөнүн чегинде жашап кала берет. Адам өзүнө тиешелүү жашоо [[Мыйзам|мыйзамын]] техниканын жана [[Маданият|маданияттын]] спецификалык көрүнүштөрү менен айкалыштыра пайдаланууда, алар адамды байытты, бирок аны анын өзүн жараткан табияттан ажыратып жибере алган жок.
 
'''[[Биологиялык кычкылдануу|Биологиялык]] түзүлүш катары адамзат''' — бул бүтүндөй жер шарынын бетине муз доорунан кийин тараган, көптөгөн өзгөчөлүктөрү бар, биологиялык бирдиктүү бир түр. Түндүк-түштүк уюлдардагы муздарды албаганда, адамзат ар кандай жыштыкта бүтүндөй жер бетин өзүнүн жашоо мейкинине айлантты. Кайсы бир аймакта адам баласы баспаган жер болушу мүмкүн деп ойлобосо да болот. Азыркы чөлдөр менен түнт токойлордо көптөгөн [[Палеолит доору|палеолит]] тургун жайларынын изи бар; байыркы адамдардын дыйканчылыгынан улам кыртышы бузулуп, узакка пайдаланылбай калган жерлерде [[Амазонка|Амазонканын]] чытырман токою шуулдайт; а түгүл Анд менен [[Гималай|Гималай тоолорунун]] зоокаларында да бизге белгисиз курулуштардын изи табылып отурат. Башкача айтканда, Ноmо Sapiens түрү жашап турган мезгилдерде өзүнүн Жер бетине таралышынын түрүн көп жолу жана дайыма өзгөртүп отурган. Башка биологиялык түрлөр сымал эле адамзат да мүмкүнчүлүгү болушунча кеңирээк мейкиндиктерди өздөштүрүүгө, көбүрөөк жыштыкта жашоого умтулду. Бирок ага кандайдыр бир нерсе жолтоо болуп, анын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп турду. Ал эмне эле?<br/>
'''[[Сүт, (сүт азыктары)|Сүт]] эмүүчүлөрдүн көпчүлүгүнөн айырмаланып''', Ноmо Sapiensти үйүрлөшүп да, жеке, өз бетинче жашаган жаныбар деп да атоого болбойт. Адам ар кандай көз карашка ылайык кээде социум, кээде [[этнос]] деп аталган жамааттын ичинде жашайт. Туурараак айтканда, ар бир адам бир эле убакта коомдун мүчөсү да, белгилүү бир элдин өкүлү да болуп саналат. Бирок бул эки түшүнүк салыштырууга болбой турган түшүнүктөр, алар узундук жана салмак, ысыктыктын даражасы жана электр заряды өңдүү бири-биринен айырмаланып турат.<br/>
'''Адамзаттын социалдык өнүгүшү жакшы эле изилденип''', анын мыйзам ченемдүүлүктөрү [[Тарых|тарыхый]] материализм аркылуу аныкталган. Социалдык формалардын коомдук-экономикалык формация аркылуу ичтен өнүгүүсү жамаатташып жашаган адамга гана тиешелүү жана ал анын биологиялык түзүлүшү менен байланыштуу эмес. Бул маселе ачык түшүнүктүү болгондуктан ага токтолуп отуруунун кажети да жок. Анткен менен биз төмөндө терминдик чаташуулардан сак болуу үчүн этнос деп атаган эл жөнүндөгү маселе өтө чатышып калган жана сандырак ой жорууларга жык толгон. Жер жүзүндө этностон сыртта калган бир да адамдын жок экени шексиз нерсе. Ар бир адам "Сен кимсиң?" деген суроого ойлонбостон туруп,''' "орусмун",''' '''"французмун"''', '''"персмин",''' '''"масаймын"''' деп жана деген ушул сыяктуу жооп берет. Демек, өзүнүн кайсы этноско таандык экенин [[аң-сезим|аң-сезимдүү]] түрдө билүү жаллпы көрүнүш десек болот. Бирок бул ушуну менен эле чектелбейт.
 
14-сап:
[[Category: Тарых]]
[[Category: Коом]]
[[Category: Таажы-2012]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Адамзат" булагынан алынды