Акромегалия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Акромегалия''' — өсүү гормонунун ашыкча бөлүнүшүнөн пайда болгон эндокрин оорусу. Көбүнчө организмдин өсүшү токтогондон кийин пайда болот. Кол, [[Бут|бут]], баш сөөктөрүнүн[[Сөөктөр|сөөктө]]рүнүн, ички органдардын көлөмү чоңоёт, зат алмашуу бузулат. Акромегалияны[[Акромегалия]]ны пайда кылуучу себептер толук изилдене элек. Көпчүлүк ооруларда бул оору гипофиздин шишиги (Эндокрин системасы) менен байланыштуу. Айрым учурларда өсүү гормонунун ашыкча бөлүнүп чыгышы, баш травмасы, психикалык травма, өнөкөт инфекциялар себеп болот. Акромегалия аз кездешет.
 
Көбүнчө 18—35 жаштагы аялдар оорушат. Оору акырындык менен өөрчүйт, ал кетип, кол ооруп, сезгичтиги бузулат, мурун, алдыңкы жаак чоңоюп, беттин формасы өзгөрүлөт. Эриндер калыңданат, тил чоңоюп, оозго араң батат. Маңдай, [[Мурун|мурун]] жана желкенин териси калыңданат. Кол чеңгели менен бут кетмени жооноёт. Оорулуунун башы ооруп, тез чарчайт, көз начар көрүп, жыныс бездеринин функциясы бузулат. Акромегалия менен ооругандар дайыма эндокринолог, окулист жана невропатологдун көзөмөлүндө болууга тийиш. Азыркы дарылоо ыкмалары (нур менен дарылоо, гормон менен дарылоо) өсүү гормонунун ашыкча бөлүнүшүн азайтып, оорулуунун абалын жеңилдетет.
 
==Колдонулган адабияттар==
8-сап:
[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Ден-соолук]]
[[Category:Таажы-2012]]