14-декабрь: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
11-сап:
Согуш айынан Кыргызстанга эвакуацияланган геологдор менен палеонтологдор 1942-жылдын бул күнү Серафимовка кыштагынан илим үчүн маанилүү ачылыш жасагандыгын билдиришти. Башында академик Алексей Борисовский турган илимпоздор мындан үч салалуу жылкы-гиппариондун сөөгүн табышкан. Мындан тышкары байыркы доорго таандык деңиз жана кургак жандыктардын скелеттери чыгып, ал Кыргызстан аймагында биосферанын эволюциялык өнүгүшүн аныктаган.
 
1947-жылдын декабрь айындагы [[Советтер Союзу|Советтер союзу]]нда жүргүзүлгөн акча реформасы Кыргызстанга да таасир тийгизбей койгон жок. Реформага ылайык эски 10 рубль жаңы 1 рублга алмаштырылып, 14-декабрда акча алмашууга үлгүрбөй калган калк, жапа тырмак азык-түлүк дүкөндөргө чабуул коюп башташты. Бул күнү [[Фрунзе]] шаарынын дүкөндөрүнө тамак-аш продуктылары токтобой, эл болгон товарды талап кеткен.
 
Бул күнү, 1825-жылы [[Петербург|Петербургдун]] Сенат майданында декабристтердин көтөрүлүшү чыгып, 1911-жылы норвегиялык Роальд Амундсендин экспедициясы Түштүк уюлга жеткен.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/14-декабрь" булагынан алынды