Фатиха сүрөсү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
20-сап:
'''Фатиха1 сүрөсү''' ({{тил|ar|سورة الفاتحة}}, ''Бетачар'') — [[Куран|Курандын]] биринчи сүрөсү.

Сүрөнүн түрү: [[Меккелик сүрө]]. Баардык [[ислам]] уламаларынын ою боюнча Фатиха сүрөсү 7 [[Аят (Куран)|аяттан]] турат.

Бул сүрө Куранда орду боюнча да, жана толук түрдө бир түшкөнү боюнча да биринчи сүрө. Сүрөдө Курандын жалпы түшүнүгү берилип жана [[таухид|таухидди]](жалгыз гана Кудайга сыйынуу) ырастоочу, динчил адамдарга жыргалчылыкты, ал эми динсиз жана күнөөлүү адамдарга катуу жаза болоорун эскертүүчү, [[Аллах|Аллахка]] сыйынуу зарыл жана эки дүйнөдөгү бактылуулукка жол экенин ырастоочу сөздөр айтылат. Ошондой эле Аллахка моюн сунгандар жыргалчылыкта болоорун, ал эми баш ийбегендер зыян тартаары жазылган.

Фатиха [[Мусулман|мусулмандардын]] арасында эң көп колдонулган сүрө болуп, [[Намаз|намаздын]] ар бир [[рекет|рекетинде]] сөзсүз түрдө окулууга тийиш.

== Транскрипциясы жана кыргызча мааниси ==
61-сап:
*2 Алланын аты. Сыйынууга жалгыз өзү гана татыктуу!

*3 Булар Алланын эң улуу сыпаттарынын экөөсү. Алланын Мээрими менен Ырайымында чек жок!

*4 [[Кыямат күнү]] бийлик жүргүзүүчү Ал өзү гана. 78-сүрөнүн 38-39-40-аяттарын караңыз.

*5 Ушул сөздү намаз окуган адам кеминде 32 жолу кайталайт. Бирок ага маани береби?! Ал бир Аллага маалым. Биз эмнеге муктаж болсок да, дароо Аллага кайрылууга тийишпиз. Ушул күндө адамзатка сыйынуучулар көбөйдү. Мисалы: бир жумушун бүтүрүү үчүн тааныш издөө, пара бермей, кошомат кылуу ж.б.у.с.

*6 Иудейлер менен христиандар; бири Алланын каарына калса, экинчиси адашкандар. Демек, алардын жолу туура эмес.

69-сап:
== Колдонулган адабият ==

* "Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормосу". Baski Erkam Matbaasi-2006. - ISBN 9967-23-409-1
::::Которгондор:Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садибакас Доолов, Садык Гавай
::::Текшергендер:Кимсанбай Абдурахманов, Камил Абжапаров