Facebook: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Facebook дүйнө жүзүнө кеңири таралган ири тармак болуп эсептелет. Марк Цукерберг ..."
(Айырма жок)

12 декабрь 2012, саат 06:08 учурдагы нуска

Facebook дүйнө жүзүнө кеңири таралган ири тармак болуп эсептелет. Марк Цукерберг 2004-ж негиздеген.

Азыркы учурда аны дүйнө жүзү боюнча колдонгондордун саны 1 млрд адамдан ашты. Бул тармак өзүнүн жасалгаланышы жагынан жөнөкөйлүгү (минимализм), аткаруучу милдеттеринин ар тараптуулугу жана аз жарнамаланышы менен башка тармактардан айырмаланып турат.

Башка социалдык тармактар үчүн жарнамалар көбүрөөк жарыяланып турса, Фейсбукта жарнама минимум денгээлге жеткирилген.

Facebook - бул дүйнөдөгү эң ири социалдык тармак.

Колдонуу жолдору

Бул тармакты колдонуучулардын жекече колдонууларына жана ар түрдүү уюмдарды өркүндөтүп, бизнести өнүктүрүү үчүн да колдонгонго болот.

Социалдык интернетте адамдар бири бири менен маалымат алмашып турат. Сиз интернеттен бир кызыктуу макала окусаңыз досторуңуз менен бөлүшкүңүз келет. Анкени сиз ал макаланын тегерегинде сүйлөшүү аркылуу башка да малыматтарга ээ болуп калышыңыз мүмкүн.

Фейсбук аркылуу досуңуз менен музыка, видео, спорт, китеп, ж.б. жаңылыктарды же өз ара ой-толгоолорду бөлүшүү эң эле пайдалуу болуп саналат.

Фейсбукту колдонуунун дагы бир жакшы жагы сиз досторум гана менин статусумду көрө алат же досторумдун достору көрө алат десеңиз болот.

Андан тышкары Фейбукта дагы топторду түзсөңүз болот. Мисалы: “Кыргызстандыктар” деп жазып туруп ал топко Кыргызстандык досторуңузду киргизип койсоңуз болот. Анткени сиз жаңылык бөлүшкөндө кыргызстандык досторуңуз менен ой-пикирлерди кыргыз тилинде бөлүшүп койсоңуз болот.

Эгерде сиз бир эссе жазсаңыз, анда аны менен Фейсбук аркылуу бөлүшүү эң эле оңтойлуу. Анткени Facebook Notes кызматы бар.