Difference between revisions of "Төңкөрүш"

м
no edit summary
м
м
'''Төңкөрүш ''' ([[латын тили|латын]]- revolutio – бурулуш, кубулуу, кайрылуу) – [[жаратылыш]], [[коом]] же таанымдын кайсы бир кубулуштарынын өсүшүндөгү терең, түп-тамырынан, радикалдуу жаңылануу, сапат жагынан өзгөрүү; жаратылыштын өнүгүүсүндөгү секирик. Өз нугу менен жай өнүккөн [[эволюция]] жана коомдук баскычтын толук эмес системасын камтыган [[реформа]]дан айырмаланып, революцияда тез, түп-тамырынан бери өзгөрүү жүрөт. Илимий термин катары алгач [[1543-жыл]]ы Н. Коперниктин «Асман сфераларынын айланышы жөнүндө» («De revolutionibus orbium coelestium») деген эмгегинде, саясий мааниде [[1660-жыл]]ы [[Англия]]дагы [[монархия]]ны кайра калыбына келтирүү үчүн антимонархиялык кыймылды басууда колдонулган. [[Саясат]] таанууда социалдык жана саясий болуп бөлүнүп, социалдык Революцияда бир социалдык-экономикалык түзүлүш экинчисине; саясий Революцияда саясий режим алмашылат. [[Марксизм]]дин теориясы боюнча [[феодализм]]ден [[капитализм]]ге өтүүдө (мисалы, 16-кылымдагы Нидерланды, 17-кылымдагы Англия, 18-кылымдын аягындагы Улуу француз, 1848–49-ж. Европадагы[[Европа]]дагы ж. б.) Революциялар буржуазиялык[[буржуазия]]лык; капитализмден [[социализм]]ге өткөн ([[1917-жыл]]дагы [[Улуу Октябрь револяциясы]], [[Кытай]]дагы [[1911-жыл]]ы Синьхай ж. б.) Революциялар социалисттик болуп эсептелет. Азыркы учурда чөйрөсүнө жараша геологиялык Революция (жаратылышта), экономикалык мааниде – неолит Революциясы, өнөр-жай Революциясы, маданий Революция, демографиялык Революция; саясатта – социалдык Революция, саясий Революция (коомдук); [[физика]], [[биология]], [[медицина]], [[космология]], ж. б. [[техника]] жаатында «илимий Революция»; ошондой эле «илимий-техникалык Революция» (илимде) сыяктуу түшүнүктөр да Революция деген термин менен белгиленет.
 
== Адабият==
548

edits