Намаз: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
191-сап:
==Намаз тууралуу Куран аяттары==

* '''“Албетте намаз булукулутан жана күнөөдөн тыйат”.''' (“Анкабут” 45)

* '''“Ыйман келтирип, жакшы амал кылган, (өзгөчө) намаз окугандар, зекет бергендердин сооптору Роббилеринин алдында. Аларга коркунуч да, кайгыруу да болбойт”.''' (“Бакара” 227)

* '''“Ыймандуу пенделериме айт. Намаз окушсун. Биз берген нерседен сатуу-сатып алуу, достук да болбой кала турган күн келгенге чейин жашыруун да, ачык да садака кылышсын”.''' (“Иброхим” 31)

==Намаз тууралуу хадистер==

* Ибн Умар (разиялооху анху) дан риваят: “Пайгамбар (САВ) айтты: “Ислам беш негизде курулган. Күбөлүк берүү: “Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок, Мухамад (САВ) анын элчиси” (деп ишенүү); намаз окуу; зекет берүү; ажылык кылуу; орозо тутуу ”. (Бухари).

* Абу Катада бин Риби’и (разиялооху анху)дан риваят: “Пайгамбар (САВ) айтты: “Аллах Таала айтат: “Мен сенин үммөтүңө беш убакыт намазды парз кылдым. Ким анын убактысына бекем болуп, Менин алдыма келсе аны “Бейишке киргизем” – деп убада кылдым. Ал эми ким бекем турбаса эч кандай убадам жок (Кааласам кечирем же азап берем)”. (Абу Дауд).

* Усман бин Аффан (разиялооху анху) дан риваят: “Пайгамбар (САВ) айтты: “Ким намаз окуу зарыл, чын деп билсе Бейишке кирет”. (Муснад Ахмад, Мажма’у завааид).

*Жабир (разиялооху анху) дан риваят: “Бир киши Пайгамбар (САВ) га келип: “Бирөө намаз окуйт, бирок таң башталаары менен уурулук кылат” – деп айтты. Пайгамбар (САВ) “Жакында намазы аны жаман иштен тосот” – деди”. (Баззар, Мажма’у завааид).

* Абдулло бир Амр (разиялооху анху) дан риваят: “Пайгамбар (САВ) намаз тууралуу айтып жатып минтип айтты “Ким беш убак намазга бекем болсо, намаз ага Кыямат күнү нур, күбө жана кутулууга себепчи болот. Ким ага бекем болбосо Кыямат күнү ага нур да, күбө да жана кутулууга да себепчи болбойт. Кыямат күнү Фираун, Хааман жана Убай бин Халафтар (каапырлар) менен бирге болот”. (Муснад Ахмад, Табарони, Мажма’у завааид).

* Абу Малик Ашжа’и (разиялооху анху) атасынан риваят кылат “Пайгамбар (САВ)дын доорунда ким мусулман болсо, (сахабалар) ага эң оболу намазды үйрөтүшөт эле ”. (Табарони).

* Абдулло бин Курт (разиялооху анху) дан риваят: “Пайгамбар (САВ) айтты: “Кыямат күнү пендеден эң биринчи (анын) намазы тууралуу суралат. Эгер намазы жакшы болсо, калган амалдары жакшы болот, эгер намазы жаман болсо, калган амалдары да жаман болот”. (Табарони, Таргиб)
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Намаз" булагынан алынды