Боз үй: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
1-сап:
Бул — [[кыргыз|кыргыздын]] турак жайы. Элибиздин [[улут|улуттук]] мүлкү.
 
[[File:1322208241_yurta-15.jpg|350px|thumb|right|Боз үйдөгү үйлөнүү тою]]'''Кыргыздын боз үйү''' — элдин сергек акылынан чыккан, [[чебер]] колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, [[математика|математикалык]] так эсепке жана [[физика|физикалык]] тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген. Калк жашаган жайларда керектүү жыгачтар чыккан. Кыргыздар боз үйдүн мына ушундай түрүн жаратышы үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган,
көчмөн элдердин биргелешкен акыл-оюнан жаралган, жеңил десең жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй, улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу.
 
10-сап:
Үйдүн жыгачы «он эки канат», «сегиз канат», «алты канат», «төрт канат», же «жүз баштуу», «сексен баштуу», «жетимиш баштуу», «элүү баштуу» деп айтылат. Чоң-кичинесин далилдеген үйдүн башы сайылган [[уук|ууктун]] саны менен өлчөнөт. Тигип-чечүүгө жана көчүп-конууга, ички эмеректеринин орун алышына 55—65—-75 баштуу үйлөр арбын жасалган. Боз үй «тигилиши мыкты», «[[бүркүт|бүркүттүн]] томогосундай», «топтой келип», «такыя түндүк», «жыгачтын маталышы мыкты» жана башка ушул сыяктуу жалпы элдин калыс сынынан өтөт. Ак өргөөнү көтөрүүдө көөрү төгүлгөн [[зергер|зергердин]], [[Жыгач уста|жыгаччынын]], кайкач бармак оймочунун, саймачынын, өрмөкчүнүн, токуучунун, эшмечинин, түймөчүнүн, чырмакчынын, бычмачы-тикмечинин колдору катышат. Мунун эң чоңу «ак сарай» деп аталат.
 
[[File:1322208196 yurta-13.jpg|thumb|right|300px|Боз үй жана улуттук кийимдеги кыргыз аялдары]]
 
Байыртан бери боз үйлөр жасалыш үлгүсү боюнча ''кыр­гыздын'' боз үйү жана ''[[калмак]] ([[моңгол]])'' боз үйү болуп айырмаланган. Кыргыздардын боз үйүнүн керегеси кенен, [[уук|ууктары]] узун, түндүгү бийик келет.Боз үй ичинде бүткүл кыргыздын байыртан берки [[тарых|тарыхы]], тиричилиги, салты, [[маданият|маданияты]], тили, дили, акылмандыгы, өнөрү, ой-акылы жатат. Анын баарын чечмелеп айтса өтө узак кеп.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Боз_үй" булагынан алынды