Татар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: Автоматизированная замена текста (-"Манас" энциклопедиясы/ +"Манас" энциклопедиясы/)
No edit summary
1-сап:
'''Татар '''— [[этноним]]. [["Манас" эпосу|"Манас" эпосунда]] "маңгулга тууган татар бар" ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков]], 3. 14), — деп душман эл катары айтылат. Т. ар кайсы мезгилде, ар кандай түшүнүктө, мааниде колдонулуп келген элдин аты. Байыркы Орхон түрк жазууларында согушчан отуз-татар бирикмеси эскерилет. Даректеги "отуз" саны бириккен тууган уруулардын санын көргөзгөн. Отуз-татарлар түрк каганаттары менен согуш абалында болуп, убагында бириккен кези дагы болгон. Эки түрк каганаттарынын кулашы отуз-татар бирикмесине өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Уйгур кандыгын негиздөөчү Моюн-чурдун көрүстөн жазуусунда тогуз-татар жөнүндө эскерилет. Ал эми Могилян кандын эстелигинде тогуз-татар уруулар бирикмеси тууралуу баяндалат. Ошентип, 8-кылымдын жарымында тогуз-татарлар бирикмеси түзүлөт.<br />
 
Кытай жазма даректеринде Т-лардынтатарлардын күчтүү жана эр жүрөк уруулар экенин баяндап, ушунча көп уруунун ортосунда биримдик болсо, аларга кытайдан бөлөк эл туруштук бере албастыгы маалымдалат. Кытайлыктар татарларды шу дадань — маданияттуу татарлар жана шэн дадань — жапайы татарлар деп эки топко бөлүшкөн. Мындай аныктама алардын жаралыш табиятына же саясий бирикмесине карата айтылбастан, алардын чарбачылык, маданий деңгээлине карата берилген. Маданияттуу татарлар, кээде аларды ак татарлар дешет, 9-кылымдын башталышында түштүк тарапты карай Иньшань ([[Кытай]] мамлекетинин түндүк-батыш чек арасы) тоолоруна чейин көчүшкөнү баяндалат. Алар Кытай мамлекети менен соода жүргүзүшкөн. Кытай элчиси Вань Яньде 10-кылымдын акырында Чыгыш Түркстандан Т.татар урууларын кездештирген. Чыгыш Түркстандагы Т.татар тобу менен кыргыздардын түздөн-түз байланышы болгонун кытай даректери маалымдайт: "Кыргыздар генерал Табу-хэцзу жана бөлөктөрдү Тяньдэ воеводствосунун чебине жөнөтүштү жана дагы Уйгур мамлекетинин мурдагы жерине жашаш үчүн Хэло дарыясына көчүп келишерин билдиришти; дагы аларга беш уруу — Аньси (Куча), Бэйтин (Бешбалык), Дада ([[Татарлар|Татарлар)]] жана башкалар баш ийишти".<br />
 
Ал эми Т-лардынтатарлардын бөлөк тобу жапайы татарлар же [[моңгол]] уламыштары боюнча токой адамдары азыркы Моңголиянын түндүк тарабында жашашкан. [[Рашид-ад-Дин]] кыязы, Чыңгыз кандын заманына чейинки Т.татар сөздөрүнүн колдонулушу жана таралышы тууралуу маалыматы жок болгондуктан Т-лартатарлар моңголдордон бөлөк эл болгондугу жөнүндө маалымдап, алардын негизги жашаган жерин Буир-Нор көлүнүн аймагына жайгаштырат. Андан бөлөк Рашид-ад-Дин Т-лардынтатарлардын кичине тобун жогорку [[Эне-Сай|Эне-Сайдын]] же [[Ангара|Ангаранын]] төмөнкү агымына, башкача айтканда Түш.Түштүк [[Сибирь]] чөлкөмүнө жайгаштырат. Кээ бир окумуштуулардын пикири боюнча (9-кылым) кыргыздар көчүргөн шивээ уруулары болсо керек. Т.Татар этноним катары аталышы Чыңгыз кандан кийин [[Моңголия]] жана [[Орто Азия]] чөлкөмүндө моңгол, [[могол]], [[моңол|моңолдор]] сөздөрү менен алмаштырылып колдонуудан чыккан. Демек, эпосто колдонгон Т.татар этнониминин кыргыз тарыхына байланышы болгон. Ал эми "маңгул менен татар бар" деп, алардын көп сандаган душман эл катары сүрөттөлүшүн моңгол-татар баскынчылык заманында калыптанган тарыхый катмар катары кароого болот.
 
==Колдонулган адабияттар==
*[["Манас" энциклопедиясы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
 
[[Категория: "Манас" эпосу]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Татар" булагынан алынды