Автомобиль: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Автомобиль''' (''авто...'' жана лат. mobilis — кыймылдоочу) — өз кыймылдаткычы менен рел..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Автомобиль''' (''авто...'' жана [[Латын тили|лат]]. mobilis — кыймылдоочу) — өз кыймылдаткычы менен [[рельс|рельссиз]] жолдо жүрүүчү машина.
== Тарыхы жана түрлөрү ==
Шамалдын күчү же ичиндо отурган адам күчү аркылуу жылып жүрүүчү арабаны жасоого орто кылымдарда эле аракет болгон. Өркүндөтүлгөн «өзү жүргүч арабаны» орус дыйканы механик Л. Шамшуренков жасаган (1752). 1784—91-жылда орус ойлоп чыгаруучусу И. П. Кулибин үч жана торт дөңгөлөктүү «өзү жүргүчтү» курууга далалат кылган. Советтик биринчи автомобиль 1924-ж. чыгарылган. [[СССР|СССРде]] 1932-жылдан баштап ГАЗ маркасындагы автомобиль массалык түрдө чыгарылган. Автомобильдер колдонулушуна жараша транспорттук, атайын жана [[спорттук автомобиль|спорттук]] болуп бөлүнөт.
=== Транспорттук автомобиль ===
Транспорттук автомобиль жүктөр жана жүргүнчүлөр ташуу үчүн, атайын автомобиль керектүү жабдуулар менен жабдылып, өрт өчүрүү жана коммуналдык тейлөөлөр үчүн колдонулат. <br />
=== Спорттук автомобиль ===
Спорттук автомобиль мелдештерге, ылдамдык [[рекорд|рекорддорун]] коюуга арналат. Транспорттук автомобиль жеңил, жүк ташуучу автомобиль жана автобус болуп бөлүнөт. <br />
=== Жеңил автомобиль ===
Жеңил автомобильге 2—8 адам отурууга ылайыкталып, жабык (седан жана лимузин), ачык (фаэтон) жана ачылма (кабриолет) кузовдор менен жабдылат. Жүк ташуучу автомобильге жүк салына турган кузовдор орнотулат, алардын жүк көтөрүмдүүлүгү 0,25—100 т га барабар. Жөлдө жүрүү жөндөмдүүлүгү боюнча автомобилдер жолдо жүрүүчү, карьердик жана өтүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылган болуп бөлүнөт. Жолдо жүрүүчү автомобиль автомобилдик жолунун жалпы тармагында пайдаланылат. Өлчөмдөрү чоңойтулган карьерде жүрүүчү автомобиль атайын жолдордо, мисалы, карьерлерде иштейт. Өтүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылган А.автомобиль кыйын шарттарда же жолсуз жерлерде иштөөгө ылайыкталган. Автомобиль кыймылдаткыч, трансмиссия, жүрүүчү бөлүк, башкаруу механизмдери, электр жабдуулары, кузов жана кабинадан турат. Автомобилдер кыймылдаткычтарынын түрлөрүнө жараша бензиндик, дизелдик, газ-баллондуу жана газ-генератордуу болуп бөлүнөт.<br />
[[Файл:Karburator.jpg|300px|thumbnail|left|1-сүрөт. МЗМА-412 карбюратордун кыймылдаткычтын туурасынан кесилиши: 1—картер; г—муунактуу вал; 3—шатун; 4 — поршендин шакекчеси; 5 — поршень; 6 — цилиндрдин блогу; 7 — клапан; 8 — цилиндрдин бөркү; 9 — бөлүштүргүч вал; 10 — коромысло; 11 — карбюратор; 12 — стартёр,]]
== Автомобиль кыймылдаткычы ==
Автомобиль кыймылдаткычы — автомобилди кыймылга келтирүүчү [[механикалык энергия|механикалык энергиянын]] булагы болгон атайын кыймылдаткыч.<br />
Автомобилдер үчүн жылуулук жана электр кыймылдаткычтары колдонулат. Автомобиль кыймылдаткычынын көпчүлүгү ичинен күймө поршендүү кыймылдаткыч болот да, жумуш процесси төрт жана эки тактылуу болуп, күйүүчү майды от алдыруунун жолу боюнча карбюратордуу жана дизелдик болуп бөлүнөт. Автомобиль кыймылдаткычы цилиндрлеринин саны жана жайланышы (катарлаш, V түрүндө жана башкалар), клапандарынын орун алышы (жогору же төмөн), цилиндрлеринин жумуш аткарылуучу көлөмү (литражы), муздатылышынын түрү (суу же аба менен), аткарган кызматы жана ушундай сыяктуу боюнча айырмаланат. Азыркы кездеги төрт тактылуу автомобиль кыймылдаткычы (1, 2-сүрөт) цилиндрлердин блогунан (картери менен) жана бөркүнөн, поршендерден, шатундардан, муунактуу валдан, күүлөндүрүүчү дөңгөлөктөн, бөлүштүргүч валдан жана башкалар турат. Кыймылдаткычтар радиатор, желдеткич, аба жана май чыпкалары, стартёр жана башкалар менен жабдылат. Жеңил жана аз көлөмдүү аккумуляторлорду түзүү шаар ичинде жүргөн автомобилдердеги ичинен күймө кыймылдаткычтарды электр кыймылдаткычтары менен алмаштырууга мүмкүндүк берет.
[[Файл:Dizel'.jpg|300px|thumbnail|left|ЯМЗ-236 дизелдин туурасынан кесилиши: 1—10 жана 12—мурдагы 1сүрөттөгүдөй; 11 — аба тазалагыч; 13 — түрткүч; 14 — штанга; 15 — форсунка, 16 — жогорку басымдуу насос.]]
== Автомобилдин жүрүү бөлүгү ==
Автомобилдин жүрүү бөлүгү — автомобилдин бардык [[механизм|механизмдери]], кузову орнотулуучу тележканы түзүүчү шасси бөлүктөрүнүн тобу. Автомобиль жана башкалар рама, асма, алдыцкы жана арткы октордон, дөңгөлөктөрдөн турат. Рамага кузов, кабина, кыймылдаткыч, кыймыл берүүчү куту жана башкалар механизмдер менен түйүндөр орнотулат. Автобустарда, жеңил автомобилдердин көпчүлүгүндө раманын милдетин кузов аткарат. Өңгүл-дөңгүл жолдо дөңгөлөктөрдүн биринин абалынын өзгөрүшү экинчисине таасирин тийгизбесин үчүн, дөңгөлөктөр рамага өз-өзүнчө асылып бекитилет. Айрым автомобилдерде дискалуу дөңгөлөктөр колдонулат. Алар окко орнотулган күпчөккө бекитилген дискадан, камералуу же камерасыз пневматикалык шиналуу алкактан турат; жүк ташуучу оор автомобилдердин, автобустардын көпчүлүгүндө түздөн-түз күпчөккө бекитилүүчү алкагы бар дискасыз дөңгөлөктөр орнотулат.
[[Файл:Rul.jpg|300px|thumbnail|right|Автомобилдин рулдук башкаруу системасы. ]]
== Автомобилдин рулдук башкаруу системасы ==
Автомобилдин рулдук башкаруу системасы — автомобилдин жүрүү багытын өзгөртө турган механизмдердин жана түзүлүштөрдүн системасы. Бул система руль механизминен жана дөңгөлөктөргө бекитилген кыймылга келтиргичтен (привод) турат. Руль механизми дөңгөлөктү буруу үчун аз күч жумшоого, кыймылга келтиргич болсо руль механизминен штурвалдан (1), ага бириктирилген руль валынан (2), валдын учуна бекитилген червяктан (3), ага илинишкен червяк дөцгөлөгүнөн (4) жана анын валына кпйгизилген руль сошкасынан (5), ал эми руль кыймылга келтиргичи узунунан жана туурасынан орнотулган тарткычтардан (6), рычагдардан (7) турат. Штурвалды бурганда, бул механизмдер кыймылды биринен экинчисине өткөрүп, акыры бурулуу цапфалары менен кошо дөңгөлөктү да бурат. Руль механизми червяктуу, бурама-сайлуу, кривошиптүү кыймыл берүү механизмдери менен иштетилет. Автомобилди башкаруу жеңил болсун үчүн, кыймылга келтиргич механизмге пневматикалык, гидронневматикалык жана гидравликалык күчөткүчтөр орнотулат.
== Автомобилдин электр жабдуулары ==
Автомобилдин электр жабдуулары — автомобилге орнотулган электр приборлору менен аппараттардын тобу. Автомобилдин электр жабдууларына төмөндөгүлөр кирет: ток булагы (генератор жана [[аккумулятор]] батареясы); кыймылдаткычтын цилиндринде күйүүчү аралашманы тутандыруучу от алдыруу системасы; муунактуу валды айландыруучу электр стартерин иштетүүчү система; сырткы жана ички жарык кылуучу приборлордон турган жарык кылуу системасы; сигнал берүү системасы (үн сигналы, бурулууну көрсөткүч, стоп-сигнал); текшерүү приборлору ([[амперметр]], [[термометр]], [[манометр]], күйүүчү майдын децгээлин көрсөткүч жана башкалар) жана автомобилди башкарууну жеңилдетүүчү электр приборлору (айнек тазалагыч, кузов жылыткыч жана башкалар). Мындан башка да [[Туман|туманда]] жүрүүгө жардам берүүчү кошумчякошумча [[фара|фаралар]] орнотулат.
== Автомобилдин кузову ==
Автомобилдин кузову — автомобилдин жүргүнчүлөр, айдоочу отуруучу жана жүктөр же атайын жабдуулар салынат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Автомобиль" булагынан алынды