Жетим кырка, тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Жетим кырка, тоо - Батыш уландысы. Ж. к. т. өз ара жарыш жана ача сымал таралган бир нече кырка тоо..."
 
м Робот: Автоматизированная замена текста (-Теңиртоо +Теңир-Тоо & -Ысыккңл +Ысык-Көл & -м-н +менен & -ж-а +жана & -б-ча +боюнча)
1-сап:
Жетим кырка, тоо - Батыш уландысы. Ж. к. т. өз ара жарыш жана ача сымал таралган бир нече кырка тоодон турат. Чыгыш бөлүгүндө Сандык, Карамойнок тоолору кууш Чыгыш Сөөк өрөөнү менен бөлүнөт. Батыш бөлүгү түн.-чыгыштан түштүк-батышка созулган үч кырка тоого (Киндик, Жумгал, Ойкайың) ажырайт. Тоонун геол. түзүлүшү өтө татаал, батыш бөлүгү гранит-диорит интрузиясынан жана жогорку протерозойдун калыңдыгы 500– 3000 м болгон филлит, кварцит тектеринен турат. Ортоңку бөлүгү негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диоритинен, чыгыш бөлүгү ордовиктин калыңдыгы 1000–4600 мге чейинки кумдук, туф, порфирит, акиташ теги, конгломерат ж. б. чөкмө тектеринен түзүлгөн. Тоо аралык ойдуңдарда неоген жана төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектери жатат.
 
Тоо тизмегиндеги нефелиндүү сиенит массивдери менен алюминий кени байланыштуу (к. Сандык кени). Ж. т. к. чыгыштан батышты карай бийиктейт. Тоолордун капталдары бирдей эмес: Жумгал, Ойкайың тоолорунун тескей беттери тик жана кыска, күнгөй жагы жазы жана жантайынкы. Киндик, Карамойнок, Сандык тоолорунуку, тескерисинче, капталдары айдөөш. Тоодон Батыш жана Чыгыш Каракол сууларынын куймалары агып түшөт. Карамойнок, Ойкайың тоолорунда майда мөңгүлөр бар (жалпы аянты 7,3 км2 ). Климаттык шарты бийиктикке карай өзгөрөт; жалпысынан континенттик; абанын орт. темп-расы январда– 11,9°С, июлда 12,5°С; жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Тоонун ландшафты бийиктик алкактуулук б-чабоюнча өзгөрөт. Тоо этектеринде айрыкча күнгөй беттеринде 2200–2300 мге чейин талаа (бетеге, шыбак); 2200–2800 мде шалбаалуу талаа (бетеге дүйүм чөптөр), бир аз жерин токой; 2800–3300 мде альп шалбаасы, шалбаалуу талаа; 3300 мден жогору шагыл таштуу, аска-зоокалуу субнивалдык нивалдык-гляциалдык зона жатат. Жайыт.
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы.] ISBN 9967-14-006-2 <br>