Автомобиль: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
21-сап:
Автомобилдин электр жабдуулары — автомобилге орнотулган электр приборлору менен аппараттардын тобу. Автомобилдин электр жабдууларына төмөндөгүлөр кирет: ток булагы (генератор жана [[аккумулятор]] батареясы); кыймылдаткычтын цилиндринде күйүүчү аралашманы тутандыруучу от алдыруу системасы; муунактуу валды айландыруучу электр стартерин иштетүүчү система; сырткы жана ички жарык кылуучу приборлордон турган жарык кылуу системасы; сигнал берүү системасы (үн сигналы, бурулууну көрсөткүч, стоп-сигнал); текшерүү приборлору ([[амперметр]], [[термометр]], [[манометр]], күйүүчү майдын децгээлин көрсөткүч жана башкалар) жана автомобилди башкарууну жеңилдетүүчү электр приборлору (айнек тазалагыч, кузов жылыткыч жана башкалар). Мындан башка да [[Туман|туманда]] жүрүүгө жардам берүүчү кошумча [[фара|фаралар]] орнотулат.
== Автомобилдин кузову ==
Автомобилдин кузову — автомобилдин жүргүнчүлөр, айдоочу отуруучу жана жүктөр же атайын жабдуулар салынатсалына турган бөлүгү.<br />
Жеңил автомобилдин кузову жабык, ачык жана ачылма болуп жасалат. Автобустун кузову көбүнчө жабык болот, анын сыйымдуулугун көбөйтүү үчүн кээде эки кабат кузов орнотулат. Жүк ташуучу автомобилдин кузову жүк платформасынан жана айдоочунун кабинасынан турат. Жүктү салууга жана түшүрүүгө ыңгайлуу болушу үчүн, платформанын капталдары ачылма болот. Көп жүктү ташууда оодарылма платформалуу автомобилдер (өзү түшүргүчтөр) кеңири колдонулат. Жүк ташуучу кээ бир автомобилдин кузову жабык (фургон) түрүндө жасалат. Атайын автомобилдин кузову жүктүн белгилүү түрүн ташууга ылайыкталат (мисалы, ун, сүт, ңемент ташылуучу ңистерна жана башкалар) же кандайдыр бир жумушту аткаруучу жабдууларды орнотууга арналат.
== Автомобилдин асмасы ==
Автомобилдин асмасы — автомобилдин окторун анын рамасына же кузовуна байланыштыруучу тетиктердин тобу. Автомобилдин асмасы байланыштуу жана байланышсыз болушу мүмкүн. Байланыштуу асмада дөңгөлөктөр бири биринө туташ ок менен бириктирилет; байланышсыз асмада ар бир дөңгөлөк рычагдар аркылуу рамага же кузовго айрым өз алдынча туташтырылат. Жалпы алганда, автомобилдин асмасы багыттоочу түзүлүштөрдөн, серпилгич элементтерден турат. Багыттоочу тузүлүштөр (рычагдар) дөңгөлөктөргө аракет кылган күчтөрдү рамага же кузовго берет. Серпилгич элементтер кузовго же рамага берилген термелүүлөрдү басаңдатат.
 
==Колдонулган адабияттар==
* Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Автомобиль" булагынан алынды