Кумайык: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
40-сап:
Бардык варианттарда Кумайык баатырлардын жөнөкөй гана аңчылык тайганы болбостон, өзгөчө бир жан күйөр, сыйкырдуу жаныбары катары сүрөттөлөт.
 
[[Манас баатыр|Манас]] өлгөндө анын башка сыйкырдуу жаныбарларындай эле Кумайык мөгдөп, аза күтөт, анын касташ туугандары [[Абыке]], [[Көбөш|Көбөшкө]] кызмат кылыштан моюн толгойт.
 
[[Семетей]] Букардан [[Талас|Таласка]] алгач келгенде жолунан биринчи болуп тосуп чыгат, ал Кыяс колдуу жарадар болгондо, сөөгүн душмандан коргоп, эч кимди жолотпойт. Кийин [[Семетей]], [[Бакай]], [[Айчүрөк]], [[Күлчоро]] кайып болуп, дүйнө кезип кеткенде, касиеттүү жаныбар катары кайып болот.
49-сап:
[[Иран элдери|Иран элдеринин]] эң байыркы дин китеби «Ригведе» жерге касиеттүү өсүмдүк [[Хома|хоманын]] уругун алып келип таштаган Хомай деген ыйык куштун образы жолугат. Элдик түшүнүктө ал бийик тоонун башында жашаган жору мисалдаш куш (кыргыз уламыштарында Кумайык жорунун жумурткасынан чыгып, аны жети күнгө чейин таап алса кыраан итке, андан кечиксе жоруга айланат). [[«Манас» эпосу|«Манаста»]] да кээде Кумайык деген куш болгон делип айтылат ''([[Сазанов, Багыш|Багыш Сазановдун]] варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв„ 1258-б.)''.
 
Иран элдеринин түшүнүгүндө жана көркөм адабияттарында Хомайдын көлөкөсү түшкөн адам падыша болору айтылат. Кийинчерек Хомай ушул эле иран элдеринин мифиндеги өзүнө жакын турган образ Симург («Авесте» Сенмуров) куштун да ролун аткарат. Симург ит жана куштун кейпиндеги жакшылык кылуучу аргын жаныбар. Ал кийинчерек ит менен кушган турган жакшылык кылуучу образын Хомайга өткөрүү менен каардуу ажыдаардын элесине айланат. Аты жана образынын көп белгилери жакын болгондуктан түрк элдериндеги Кумайык тын образы байыркы иран элдериндеги ушул Хомайдын Симург менен биригишкен образынан маданий таасир катары кабыл алынган деп айтууга негиз бар. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында Хомайдын образы бир кыйла эволюциялашкан. Анын баштагы аргын образы экиге ажырап, өз-өзүнчө персонификацияланган, куштун атрибуту Акшумкарга (''караңыз'' ''[[Акшумкар|Акшумкар),]] ''иттик атрибуту Кумайыкка айланган. Экөө башта бир образ болгондуктан [[«Манас» эпосу|«Манаста»]] экөө дайыма катар коюлуп, ажыратылбай бир учурда эскерилет.
 
== Кыргыз оозеки чыгармаларында ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кумайык" булагынан алынды