Далбаев, Сатыбалды: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
25-сап:

'''Сатыбалды, Далбаев''' – [[театр]] жана [[кино]] [[артист]]и.

==Кыскача өмүр баяны жана чыгармачылыгы==
Сатыбалды Далбаев орто мектепти аяктагандан кийин 1952-жылы Москва шаарындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна (ГИТИС) кирет.

Студенттик мезгилден тартып эле Сатыбалды Далбаев чыгармачылык дареметинин күчтүү экенин айгинелеп, курсташтарынын ичинен дароо алдыңкы катарга суурулуп чыгып, ГИТИСте окуган кыргыз студиясы койгон дипломдук спектаклдерде башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп келген.

Аталган институтту 1957-жылы аяктап келип, курсташтары Асанбек [[Өмүралиев, Асанбек|Асанбек(Арсен) Өмүралиев]], [[Шалтаев, Болот|Болот Шалтаев]], Зоя Молдобаева, Жанузак Молдобаев ж.б. менен чогуу [[Кыргызстан]]дын борбору [[Бишкек|Фрунзе]] шаарындагы [[Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры|Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына]] артист болуп кабыл алынат.

Ошол кезден ушул убакка чейин ушул театрда үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

Театрда эмгектенген жарым кылымдан ашуун мезгилдин ичинде С.Далбаев дүйнөлүк жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган ондогон спектаклдерде башкы жана борбордук ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө аттын кашкасындай таанылган.

С.Далбаевдин ысымы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын [[Кыдыкеева, Бакен|Бакен Кыдыкеева]], [[Рыскулов Муратбек|Муратбек Рыскулов]], [[Күйүкова, Даркүл|Даркүл Күйүкова]], [[Жаманов, Сыдыкбек|Сыдыкбек Жаманов]], [[Кытаев Насыр|Насыр Кытаев]] ж.б. у. сыяктуу, алгачкы карылгачтарынан кийинки муундан чыккан атактуу артисттери [[Жумадылов, Советбек|Советбек Жумадылов]], [[Кыдырназаров Асанбек|Асанбек Кыдырназаров]], Асанбек Өмүралиев, [[Дулатова Гүлшара|Гүлшара Дулатова]], [[Молдобаева Зоя|Зоя Молдобаева]], [[Сейдакматова, Жамал|Жамал Сейдакматова]], Болот Шалтаевдердин катарында турат.

С.Далбаевдин актердук табиятын театр иликтөөчү А.Жунушов минтип мүнөздөгөн: “Сатыбалды Далбаевди башка актерлордон айырмалап турган бирден-бир сапат анын интеллектуалдык ажары, ийкемдүү, элпек мүнөзү болуп эсептелет. Актердун кубакай жүзү, мүнөзүнө чечкиндүүлүк берген жазы маңдайы, ишенчээк мээримдүү көзү, анын сахнада ойной турган каармандарын күн мурунутан эле белгилүү кылып тургандай таасир калтырат”.

С.Далбаевдин ар бир ойногон ролу нукура реалисттик манерада ишке ашкан. Эмоциялары театралдуу эмес, кудум турмуштагыдай. Ошон үчүн С.Далбаевдин түзгөн образдары көрүүчүнү толук бойдон ынандырат. Бул анан актердук табиятынын өзгөчөлүгү.