Юнусалиев Болот Мураталиевич: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
15-сап:
Юнусалиевдин орус тилинде Фрунзе шаарында 1968-ж. жарык көргөн ""Манас" кыргыз элинин баатырдык эпосу" (""Манас" героический эпос кыргызского народа", Фр., 1968) аттуу жыйнакка кирген көлөмдүү макаласы "Кыргыздын баатырдык эпосу "Манас" ("Киргизский героический эпос "Манас"") деп аталат.
[[Файл:Манас эпосунун курама вариантын Кыргыз ССР Тил жана адабият институтунда талкуулоо-1956.jpg|350px|left|thumbnail|Манас эпосунун курама вариантын Кыргыз ССР Тил жана адабият институтунда талкуулоо, [[1956]]]]
Бул эмгегинде автор кыргыздардын ар түркүн оозеки чыгармачылыкка бай экендигин белгилеп, ошол бай мурастын ичинде өзгөчө орун ээлеген зор көлөмдүү "Манастын" жалаң ыр түрүндө түзүлгөндүгүнө көңүл буруп, бул көрүнүш элибиздин көркөм сөзгө, айрыкча ырга бөтөнчө көңүл бөлүп, чоң маани бергенинин далили экендигин белгилейт. "Манастын" дүйнө элдеринин бул чыгармаларынын арасында көлөм жактан теңдеши жоктугун фактылар менен көрсөтө келип, мындай абалдын сыры эмнеде экендигине кенен токтолот. Эпостун көөнө мүнөзүн ачып, ал адегенде көлөмү чакан, кара сөз түрүндөгү чыгарма болушу ыктымал деген божомолду айтып, ошол баяндын бара-бара кеңейтилип, бутактанып, көптөгөн башка чыгармаларды ичине сиңирип, көптөгөн доор, мезгилдердин изин камтып, маалыматтары менен байып, циклдештирилип, уландылары пайда болуп отуруп бүгүнкү көлөмдүк, көркөмдүк деңгээлине жеткен жолун белгилейт. Эпостун үч бөлүмүнүн сюжеттик схемасын ирети менен баяндап, талдоо жүргүзөт, окуялардын түрдүү варианттарындагы айырмачылыктарына көңүл бурат, эпостун башкы темасы менен идеясына, каармандардын образдарына мүнөздөмө берет, чыгарманын көркөмдүк касиеттерине, тилине байланышкан ойлорун айтат. ЮНУСАЛИЕВ Юнусалиев 1966-жылдан тартып "Манас" секторунда илимий консультант милдетин өтөп жаткан мезгилде "Манасты" кыргыз жана орус тилдеринде Москвадан илимий негизде бастырып чыгаруу, Сагымбайдын, Саякбайдын варианттарын жарыялоо иштерине активдүү аралашкан, сектордун бул багыттагы аракеттерине колдоо көрсөтүп, өз илимий аброю менен таяныч болгон, ал иштердин ийгиликтүү жүзөгө ашырылышын түздөн-түз Юнусалиевдин атына байланыштырууга болот. ЮНУСАЛИЕВ "Манасты" илимий принциптерге ылайык бастыруунун негизги жоболорун иштеп чыгууда, эпостун орусча кыргызча тексттерин бастыруу үчүн түрдүү варианттардан окуяларды тандап алууда консультант гана болбостон активдүү аткаруучулардын биринен да болгон. Ушуга ылайык сектордун чечими боюнча ал адамдын ысымы эпостун орусча-кыргызча басылыштарынын бардык китептеринде түзүүчүлөрдүн бири катары көрсөтүлүп келе жатат.
"Манастын" тексттерин басмага даярдоодо ЮНУСАЛИЕВ мурда жарык көргөн курама вариантта кетирилген илимдик принциптерге туура келбөөчү кемчиликтерди кайталабоо боюнча көрүлгөн сектордун далалатын толук колдогон жана өзү баш болуп бул багытта активдүү аракеттенген.