Анестетиктер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: изменение Категория:Ден-соолук на Категория:Ден соолук
No edit summary
1-сап:
'''Ооруну басаңдатуучу дарылар''' — оору сезимин жоготуучу же басаңдатуучу заттар.<br />
 
Алардын химиялык түзүлүшү жана тийгизген таасири ар түрдүү болот. Ооруну басаңдатуучу дарылар көбүнчө [[Нерв системасы|нерв системасына]] таасир эткендиктен ооруну сездирбейт ([[Аналгетиктер|аналгетиктер]]).
 
== Бөлүнүшү ==
Алар [[Наркотик|наркотиктүү]] жана наркотиксиз болуп бөлүнөт.
 
== Наркотиктүү аналгетиктер ==
Наркотиктүү аналгетиктерге апийимден алынган дарылар жана алардын ордуна колдонулуучу синтезделген дарылар кирет. Булар оору оезүүгө тандалмалуу таасир берип, эстен тандырбайт. Наркотиктүү аналгетиктер негизинен күйүктө, травмада, зыяндуу шишиктерде, миокарддын инфарктында катуу ооруну басуу үчүн колдонулат. Ооруну басуу менен бирге психикага таасир этип, эйфория абалын түзөт. Анда кишинин көңүлү чөкпөйт, өзүн өзү контролдобой, айлана-чөйрөгө сын көз менен карабайт, эч нерседен коркпой, тынчтанып калат. Бул дарыларды кайталап кабыл алуудан организм ага көнүп, дарынын өлчөмүн көбөйтмөйүнчө таасир этпей калат. Натыйжада бангилик пайда болот. Ошондуктан ал дарылар атайын так каттоого алынып, аларды врачтын уруксатысыз кабыл алуу кылмыш катары эсептелет.
== Наркотиксиз аналгетиктер ==
Наркотиксиз аналгетиктерге [[Ацетилсалицил кислотасы|ацетилсалицил кислотасы]], [[Амидопирин|амидопирин]], [[Анальгин|анальгин]], [[Бутадион|бутадион]] жана башкалар кирет. Булар түрдүү орган менен ткандардын сезгенүүдөн келип чыккан оорусун басат (к. Сезгенүүгө каршы дарылар). Ошондой эле дененин температурасын төмөндөтөт (к''караңыз''. [[Дененин ысышын төмөндөтүүчү даарылар|Дененин ысышын төмөндөтүүчү дарылар]]). Бул дарыларды [[врач|врачтын]] сунушу боюнча гана колдонуу керек. Анальгин, амидопирин, [[фенацетил]] дарыларын өз алдынча узакка кабыл алуудан кан пайда болуу процессинин бузулушу, аспиринди врачтын контролусуз такай ичүүдөн карындын былжыр чели бузулуп, канашы, кулак чуулдап, укпай калуу мүмкүн.<br />
 
== Спазмы ==
Ички органдардын [[Спазм|спазмы]] болгондо да оору катуу сезилет. Аны спазмды жазма дарылар, кан тамырды кеңейтүүчү дарылар басат.
 
== Колдонулган адабият ==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:Медицина]]