Шайыр Супатаева: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
29-сап:
Шайырбүбү Супатаева орто мектепти аяктагандан кийин 1967-1972-жылдары [[Москва]]дагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусствосу институтунда окуйт. <br>
Эмгек жолун 1972-жылы, курсташтары – [[Дүйшөнкулов, Шаршен|Ш.Дүйшөнкулов]], [[Байдөбөтов, Дүйшөнбек|Д.Байдөбөтов]], [[Каниметова, Гүлайым|Г.Каниметова]], [[Токтобаев, Муканбет|М.Токтобаев]], [[Мамбетова, Назира|Н.Мамбетова]], [[Сыдыкбаева, Жамийла|Ж.Сыдыкбаева]] ж.б. менен чогуу, жаңы ачылган Ош кыргыз драма теарында баштайт. <br>
[[File:Ш.Супатаева.jpg|thumb|left|180px|Ш.Супатаева, солдон экинчи.Кино тартуу учурунан|]]
Бул театрда он жылдан ашуун эмгектенгенден кийин, Шайырбүбү 1985-жылы кайрадан ачылып иштеп аткан [[Каракол|Пржевальск]] шаарындагы Ысык-Көл областтык К.Жантөшев атындагы драма театрына артист болуп кызматтыкка алынат. Ошондон тартып ушул сахна коллективинде чыгармачылык жактан ийгиликтүү эмгектенип келе жатат. <br>
Театрда эмгектенген кырк жылдан ашуун жигердүү чыгармачылык жолунун ичинде Шайырбүбү Супатаева драма, трагедиядан тартып комедияга чейинки ар кыл диапозондогу ондогон ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө кеңири таанылып, жалпы улуттук масштабдагы чыгармачылык инсандардын бирине айланды. <br>