Түндүк: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
Түндүк - [[БОЗ ҮЙ|боз үйдүн]] очогу,очогунан чыккан түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир эле чебердин колунан анча келе бербейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу сынакай калктын элегинен өтөт. Түндүкчүлөр жеринен сейрек учурайт. Бул болсо өнөрдүн өтө кылдаттыгын, татаалдыгын, сыпаалыгын, жана оордугун аныктайт.<br />
 
Айрым чеберлердин түндүк узануу дүкөнү — тегерек дөңгөлөк. Оболу, талды, же теректи кыйып келет. Жогоруда айтылгандай, корго салып кызытып алат. Түндүк жыгачы жоон болгондуктан, кызытууга эки-үч саат убакыт кетет. Тигил дөңгөлөк дүкөнүн төрт-беш жеринде чынжыры, башы иймектей үч лому болот. Жаактык жыгачты кызыткандан кийин дөңгөлөккө алып келип чынжыр, ломдун жардамы менен жаадай кылып, керип бекитилет. Ал бир ай бою жаткан жеринде кургатылат. Түндүктүн экинчи жаагын жасоодо да ушул ыкма дал өзүндөй кайталанат. Түндүктүн жаагы жыгачтын шартына жараша эки-үч бөлүктөн турушу ыктымал. Ошентип, түндүктүн тегерегин (айланасын) бүткөндөн кийин анын [[чамгарак|чамгара]]гы салынат. Түндүк [[чамгарак|чамгара]]гы үч-төрт чыбыктан турат. Анын уук көздөрү тегерете көзөлөт.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Түндүк" булагынан алынды