Түндүк: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
6-сап:
Кээ бир түндүкчүлөр буга турпан талды пайдаланат. Аны кыркып келип, жара чаап узундугу 3 метр, кыкка көөмп койсо, жыгач эки күндө былкылдап жибийт. Аны тезге коет. Ага эки-үч адамдын колу керек. Тезден чыккан түндүктү жер казыкка кагып, ошого жатак алдырат. Андан кийин тегиздеп чаап, бурама аркылуу карматып көзөйт. Муну ычытып көзөөчү курал «чулгуур» деп аталат. Уук-кереге жана түндүк кармоо үчүн усталардын дүкөнү болот. Түндүк кармаган адам боз үй жасай алат. Абалы цемент куюп, жаа кылып, чебер аны 180 ошого айлантып коет. Түндүктүк жыгач жарым айда кургатылат. Түндүктүн жарым үлгүсү үч метр болушу керек. Түндүктүн талдын ичке башы сегиз-он см ге барабар. Аны 5—6—8-см кылып, төрт бурчтуу чаап сүрүп, анан «кызытуу» дүкөнүнө салат. Ошондо он алты талды бир салып, эки саат кайнатабыз да, четинен тезге коёбуз.
<br />
Түндүктүн жоондугу 28—30 см болушу керек. [[Чамгарак|ЧамгараЧамгараг]]гыы үч жарым см, тегереги (диаметри) 11 — 13 см ге барабар келет. Мында алты [[чамгарак|чамгара]]к үч-үчтөн кайчыланат. Мунун ар биринин аралыктары 10—13 см болушу тийиш. Ушул түндүк 55—65—75 баш үйлөргө шартташат. Түндүктө эки жарым үлүш жаа бар. Мунун ар бир жаасы үч метрден ченелет. Андагы эки жаанын биригишинде бир метрдей жыгачтын учу эки жаанын катталышы үчүн пайдаланылат. Ошондо эки биригиштин ортосу он см болот. Мында баарын эсептегенде 30 см ичинен биригип турат. Түндүк көздөрүнүн тактыгы жана төптүгү болот. Ар бир көзөнөктүн сырты эки чарчы см, ичи болсо эки жарым чарчы метр, көзөнөктөрдүн арасы, мисалы, 75 баштуу үйдө жети см, 65 баштуусунда сегиз см, 55 баштуусунда 9 см болуп өлчөнүп алынат. <br />
 
[[Чамгарак|ЧамгараЧамгарак]]ктарытары жылдырбай кармашы жана байлашы үчүн үчөөнү бириктирип турган жазы кооз жыгач жаткырылат. Анын узундугу [[чамгарак|чамгара]]ктын үчөөсүнүн жазысынан бир аз ашып турушу тийиш. Ал 40 см дей келет. Түндүк көзөнөгүнүн ички бетине дат баспас үчүн ортосунан зым уруп да коюшат. Ал уук учунун ичине чыгып кетпейт да, уук учу жакшы көрүнөт.<br />
 
Көпчүлүк жерлерде түндүктүн негизги жердигин талдан, теректен тандашат. Түндүктүн төрт талаасына кооздук үчүн шакек коюп, ага түрлөнтүп, оюм-чийим түшүрүү нускасы да бар. Түндүктүн чамгарагына кулжанын мүйүзүн, же күмүш чегеленген шакек койгон усталар да элибизге таандык. Түндүк көздөрүнүн ууктун башы чыкпас үчүн бөрктүү төбөлөмө жасалгандар кездешет.<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Түндүк" булагынан алынды