Конъюнктивит: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: изменение Категория:Ден-соолук на Категория:Ден соолук |
|||
4-сап:
Конъюнктивит микробдун, вирустун, физикалык жана химиялык факторлордун (чаң, кум, химиялык заттар жана башка) таасиринен пайда болот. Кээде оору көзгө ультракызгылт-көк нурдун, электр тогунун кескин таасири, организмдин медициналык дары-дармектерге, химиялык заттарга өтө сезгичтиги, ошондой эле көздүн өтө муздашы же ысышы, көзгө күч келтирип караңгы бөлмөдө иштөө, астигматизм, жакындан начар көрүү түрткү болот. Мындан тышкары ичеги карын оорулары, ичкиликти көп ичүү да себеп болушу мүмкүн. Көпчүлүк учурда ооруну оорулуу адам таратат. Конъюнктивиттин катуу кармама жана өнөкөт түрү кезигет.
== Оорудун белгилери ==
Катуу кармама түрүн вирус козгойт. Көп учурда оору капысынан башталып, көз кызарат, ачышат, көзгө кум түшкөндөй өйкөп катуу ооруйт. Жарыкты карай албоо, көздөн жаш агуу менен коштолот, көз чылпактайт. Көз жапкагы шишимик тартат. Айрым учурларда оорулуунун денеси ысып, мурдунан суу куюлат, башы ооруп, уйкусу качат. Оорунун биринчи белгиси билинери менен догдурга кайрылуу керек.
Конъюктивид- көз алмасынын алдыңкы бөлүгүн жана көз жапкактарынын ички бетин каптаган былжыр челдин сезгениши.Оору башталганда көз кызарып , чылпактанып ,жаш агат , жарыктан уялып ,көз ысыгандай ачышып , бир нерсе (кум) түшкөндөй өйкөйт . Конъюктивид катуу кармоочу жана өнөкөт болуп бөлүнөт.
Катуу кармоочу конъюктивитти адатта оору козгочу микробдор (кээде дифтерия же гонореянын козгогучтары) жана вирустар пайда кылат ;тез күчөйт ,чылпактанып ,кирпиктер бек жабышып ,эртең менен көздү жуумайынча ачылбайт.Айрым учурда чел кабыкчада азыраак кан куюлуп кызарат.Адатта эки көз тең жабрыкайт .оору болжол менен эки жумага созулат. Инфекция көзгө кир кол ,сүлгү, бет арчы менен кирет .Ооруган баланы өз учрунда бөлбөсө , катту кармаган конъюктивид мектептеги ,балдар бакчасындагы балдарга тез эле тарайт .Оорунун алгачкы белгилери байкалар,замат врачка кайрылуу зарыл .Катту кармаган жугуштуу конъюктивитти бактерияга каршы дары –дармек менен дарылайт .Бирок аны врачтын көрсөтмөсү жана көзөмөлү астында пайдалануу керек.Көзгө дары тамчылаткандан же май сыйпагандан тамчылаткычты жана айнек таякчаны ысык сууга кайнатуу ,стерилдөө зарыл.Көздү танууга болбойт ,анткени бул микробдордун жашоосуна жана көбөйүшүнө ыңгайлуу шарт түзөт, оору көздүн тунук челине таралышына түрткү берет . Конъюктивиттин алдына алууда өздүк өздүк гигиенаны сактоонунн мааниси көп.
Өнөкөт конъюктивиттин узакка создугуп ,анча оорутпайт.Дарт желдетилбеген үйдөгү чаң жана түтүндөн ошондой эле, организимдин айрым жалпы ооруларынан , тамактануу режиминин бузулушунан пайда болот . Өнөкөт конъюктивид врач жазып берген көз айнекти пайдаланбаган ,көзү начар көргөн кишилерде да байкалат.
Конъюктивид малда да кездешет.
== Дарылоо ==
Догдур көргөнчө кебезди кызыл чайга малып, көздү сырткы кычыгынан ичин көздөй сүртүп, жууш керек. Көздү таңууга болбойт, себеби жабык жерде микробдор көбөйүп, ооруну кабылдатып жиберет. Конъюнктивиттин себебин догдур-окулист гана аныктап, дарылайт. Өз убагында дарыланбай же оорунун белгилери кеткенде эле дарылоону токтотуп койсо көздүн коркунучтуу ооруларына (көздүн сырткы тунук катмарынын, көздүн түсүн берүүчү катмардын сезгениши) жана өнөкөт түрүнө өтүп кетиши ыктымал.
|