Солто: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''СОЛТО''' – кыргыздын [[оң канат]] уруулар тобуна кирген ири уруулардын бири. [[Кыргыз санжырасы]]нда солто уруусу [[Ак уул]]дун бир баласы [[Тагай бий]]ден тарайт. Тагай бийдин байбичесинен [[Богорстон]], [[Койлон]], [[Кылжыр]] деген уулдар, башка аялдарынан дагы бир нече балдары болгон. Богорстондон Эштек, андан Солто туулат. Бирок, көпчүлүк учурда Эштек айтылбай, «Богорстондон болгон Солто» деген кеп айтылып калган. Солто уруусу илимий изилдөөлөрдө кыргыз этносунун өзөктүк компоненттеринин бирин түзгөн уруулардын катарына кирет. Анын түпкү теги, келип чыгышы (генезиси) жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып, изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү Солто уруусунун башатын орто кылымда кыргыздар мекендеген Түштүк Сибирь аймагы менен байланыштырат жана аны кыргыз этносунун компонентиндеги байыркы катмардагы уруулар тобуна киргизишет. Ички түзүлүшү боюнча бир катар татаал уруктук бөлүктөн туруп, негизги өзөгүн Солтонун өз балдары деп эсептелген Күнтуу, Култуу жана Чаанын тукумдары түзөт. Күнтуу балдары «Жети ата Күнтуу», Култуу балдары «чылпак» деп аталып, XX кылымдын башында Куру-Күнгөйдө өзүнчө бир болуш эл болгон. Чаа бийдин тукуму анын Талкан, Бөлөкбай (Каракчы) жана Тата деген уулдарынан тарайт. Мурунку заманда Солто уруусун Бөлөкбай, Талкандан чыккан манаптар бийлеген. Талкандын балдары Коңурбай, [[Кошой]], Багышан, Баакы, Байболот, Делдең, Алаң деген жети атага бөлүнөт. Байболот, Делдең, Алаң «кепер» деп аталат. Октябрь революциясына чейин Бөлөкбай тукуму баардыгы 4 болуш (Жерказар, Жетикашка, Чылпак, Тата, Узун-Кыр болуштугу) эл болгон. Чаанын карыганда алган аялынан Тата болуп, ал дагы Бөлөкбай менен бир жүргөн. Бүтөш бир болуш эл болуп, Ысык-Ата, Кегетиде турган. Байсейиттен Кутумбет, Эсиркемиш, Аксакбөрү, Жору, Үкү беш уул. Кутумбеттен Адуучу, андан Корчу баатыр, андан Сулайман манап. Эсиркемиштен Кебек, андан Мурат, андан Тайлак, андан Айдабосун, андан Камбала. Аксакбөрүдөн Абайылда, андан Маамыт. Бүтөштүн беш уулун көчкү алып кетип, Жакып деген бир уулу калат. Бүтөштүн Жакыбы жалгыз калганда, Бүтөшкө байбичеси кайра Кагаз деген зайып алып берип, андан Түлөкабыл, Жагыш, Тубар, Төлөн, Багыш 5 уул туулган. Түлөөкабылдан Чыңгыш баатыр, Чоткара, Балтабай, Үркүнбай, Аралбай, Баястан, Айта (жети баатыр, жети кашка). Чоткарадан Жаманкара. Калмак, Күрпүк дагы ушуларга таандык. Күрпүк жолборс жыга чапкан баатыр болгон. Бир аялдан жалгыз калган Жакып 2 аял алып, андан Сарман, Таңсык деген балдар. Таңсыктан Сарыбагыш манап менен Түгөл. Түгөлдөн Бай, андан Кубат. Талкандан Коңурбай, Кошой, Бакы, Багышан, Байболот, Делдең. Кошойдон Баймырза, Мамбет, Жамансарт, Момокон. Жамансарттан Эсенаман, Түлөберди, Бөрүбай. Түлөбердиден Эшкожо, Канай, Карбоз, Чыны. Момокондун тукуму бир болушча эл болуп, Чоңайылчы, Балаайылчы деген манаптар чыккан. Момокондон Алымбек, андан Таштамбек. Андан Чоңайылчы, андан Акмат. Момокондун дагы бир уулу Татыбек, андан Балаайылчы, андан Маамыт. Түлөберди дагы эң даңктуу чоң манап болуп, тукумунан мыктылар көп чыккан. Эшкожодон Жангарач. Канайдын улуу аялынан Байсейит, Бошкой. Кичи аялынан Бүтөш, Тилеш, Байтике, Байтик. Күмүш деген аялынан Байгазы, Сатылган, Муңайтпас. Бошкойдон Өзүбек, Курама, Акылбек, Сырдыбай, Кененсары, Эстемес, Жанчар. Байсейиттен Медербек, Шекербек, Ибрагим. Карбоздон Кененсары, андан Жантай манап.
Чыныдан Тынаалы. Булардан тышкары Чаанын багып алган асыранды баласынан «жоочалыш» уругу ж. б. кичине букара уруктар кирип калган. Алар башка этностордон биригип, Солто уруулук курамын калыптандырган. Бирок алардын саны жетиден ашык экенине карабай («беш көөрүк», «мааке», «көгөй», «төлөк», «жоочалыш», «шалта», «ак буура» же «кара сакал», «асыл баш» (убагында 3старчын эл болгон), «сөөк мурун», «кайдоол», «накай» ж. б.), Солтонун ичиндеги «жети кул» деп атап коюшкан. Козор уругу сан жагынан өтө аз болгондугуна карабастан, солтонун ичиндеги өзгөчө бөлүкчө катары эсептелинип, санжыра боюнча ал Солтонун бир тууганы деп эсептелет. Бөлөкбайдын ичиндеги «төкөлдөш» уругу Бүтөштүн бакма баласынан тарагандыгы айтылат. «Чала казак» уругу уйгур, өзбек, казак элдеринин айрым бир майда топторунун аралашуусунан пайда болуп, Солто уруусунун ичинде туруп калган. Аталган уруктардан тышкары аларга аралашып кеткен «багыш» уруусунун кичине бөлүгү бар. Алар падышалык Россиянын мезгилинде «багыш» деп аталып, өз алдынча болуштук түзгөн. Бирок кийинки мезгилде алар «суу мурун» деген ылакап ат менен айтылып, Солто уруусунун бир бөлүгү катары эсептелинет. Кыргыз-калмак (ойрот) согуштарынан кийин кайрадан кыргыздардын Чүйгө келиши менен Солто уруусу Чүй өрөөнүнүн борбордук бөлүгүнөн анын батыш тарабы, б. а. Ысык-Ата суусунан Куланга (Мерке, Луговой) чейинки аймакты ээлеген. Жайлоосу [[Кыргыз Ала-Тоосу]]нун күңгөйү жана [[Суусамыр]] жайлоосунун түндүк бөлүгү болгон. Азыркы учурда Чүй облусунун Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Ак-Суу, Жайыл жана Панфилов районндорундарайондорунда турушат. Булардын ичинде кыргыздын башка урууларынын («кытай», «адигине», «саруу», «сарыбагыш», «моңолдор», «азык», «жетиген», «жедигер» ж. б.) айрым өкүлдөрү дагы туруп калган жана Солто уруусунун чакан топтору башка уруулардын арасынан (мис., Ак-Талаанын Байгөнчөк айлы, Таластын башы [[Үч-Кошой]] ж. б. [[Казакстан]]дын аймагында) кездешет.
 
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Солто" булагынан алынды