Бактерия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 121 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q10876 (translate me)
28-сап:
 
Табияттагы көп бактериялардын ичинен бир азы гана оору козгойт, башкача айтканда патогендүү болуп эсептелет. Бактериялардын оору козгогучтугу организмдин коргонуу күчү начарлап, тканга өтүшү жана уу заттарды бөлүп чыгаруусу менен мүнөздөлөт. Бир катар ооруларда (кептөөр, селейме, ботулизм жана башка) организмдин оор жабыркашы бактериялар кирген жеринен башталбайт. Мисалы, кептөөрдө козгогуч мурун — кулкун жана кекиртекте болгону менен, жүрөк булчуңдары, нервдер, бөйрөк үстүндөгү без жабыркайт. Себеби оору козгогуч бөлүп чыгарган уу канга сиңип, ар кандай орган жана ткандарга тарайт. Бактериялык токсиндер пайда кылган жугуштуу оорулар токсинемия деп аталат. Бактерия ачык чөйрөдө же организмде өзүнүн көбөйүү учурунда чөйрөгө токсин — экзотоксин бөлүп чыгарат. Экзотоксиндер ысыкты өтө сезгич уулуу белок. Көпчүлүк бактериялык экзотоксиндер айрым орган жана ткандарга таасир этет, мисалы, [[Ботулизм|ботулизм]]дин, селейменин жана кептөөрдүн токсиндери нерв системасынын ар кандай бөлүктөрүн жабыркатат. Селейменин токсини жүлүндүн кыймылдатуучу клеткаларын, ботулизмдики баш мээнин кыймылдатуу нервин жана вегетатив нерв системасын, ал эми кептөөрдүкү четки нервдерди, жүрөк булчуңдарын жана бөйрөк үстүндөгү безди жабыркатат. Шиг дизентерия таякчасы бөлүп чыгарган нейротоксин мээни жана жүлүндүн майда тамырларын жабыркатып, борбордук нерв системасынын бузулушуна алып келет. Экзотоксиндерди патогендүү стафилококк жана стрептококктор да бөлүп чыгарып, эритроциттерди, лейкоциттерди бузат. Башка көпчүлүк белоктордой эле экзотоксиндер жогорку температуранын (70—100°) таасиринен бузулат. [[Формальдегид]]дин таасиринен антигендүүлүккө таасири тийбей (к. Иммунитет) экзотоксин уулуулугун жоготот. Мунун натыйжасында токсин токсоидге (анатоксинге) айланып, организмди иммундөөдө колдонулат. Бир катар бактерия (сальмонеллалар, ичеги таякчасы, дизентерия козгогучтары, гонококктор жана башка) экзотоксиндерди синтездебейт, бул бактериялардын ууландыруучу таасири молекуласы фосфолипид, полисахарид жана белоктон турган татаал зат — эндотоксинге байланыштуу. Эндотоксиндер сыртка чыкпайт, алар экзотоксиндерге караганда уулуулугу аз. Формальдегиддин таасиринен анатоксинге айланбайт. Бактериялардын (пневмококк, стрептококк, [[Күйдүргү|күйдүргү]], [[Чума|чума]], [[Көк жөтөл|көк жөтөл]] жана башка таякчалары) капсулалуу болушу, оору козгогуч экенин далилдейт. Токсиндери менен капсуласынан башка бактериялардын патогендүү экенин далилдөөчү башка факторлор табылган. Буга стрептококктор бөлүп чыгарган ферменттер — коагулаза кирет. Ал ферменттер бактериялардын ткандарга таралышын жеңилдетет жана стафилококктун тегерегинде фибрин торчосун пайда кылып, фагоцитозго тоскоол болот.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
[[Категория: Медицина]]
[[Категория: Биология]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бактерия" булагынан алынды