Вилья, Давид: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
43-сап:
Давид футболдук чокуларды багынтууну өзү туулуп-өскөн Лангреодо баштаган. Ал жаш кезинен эле «[[Спортинг Хихон|Спортинг Хихондун]]» жаштар командасында ойноп, бардык тепкичтерди басып өткөн. Анан 18 жашында көптөн күткөн күнү келип, башкы командага чакыруу алган. Биринчи сезондо көбүнчө запаста отурганы менен, кийинки сезондо мүмкүнчүлүктү колунан чыгарган эмес. Ал 18 гол киргизүүгө жетишип, командасынын башкы чабуулчусуна айланат. Кийинки жылы голдорун 20га жеткирип, Испаниянын [[Жогорку Лига|Жогорку Лигасында]] ойногон «[[Реал Сарагоса]]» клубуна чакыруу алган.
 
«Реал Сарагоса» менен алгачкы ири сыйлыгы – Испаниянын кубогуна ээ болот. Ошондо анын клубу финалда мадриддик «[[Реал_Мадрид_(футбол_клубу)|Реалды]]» 3:2 эсебинде жеңген эле. Ошентсе да Вилья дүйнөгө мыкты оюнчу катары «[[Валенсия|Валенсиянын]]» курамында ойноп жүрүп таанылган. Валенсияда жашаган 5 жыл ичинде ал Испания курама командасынын ишенген чабуулчусуна айлана алды.
 
[[Файл:David Villa1.jpg|200px|thumbnail|right|Вилья өзүн [[Бaрселонa_(Футбол_клубу)|Барселонанын]] оюнчусу катары көрсөтүүдө ]]
 
Ал эми 2010 жылдын [[май]] айында Вилья «Барселонанын» курамына өттү. Ал үчүн «[[Бaрселонa_(Футбол_клубу)|Барселона]]» 42 [[миллион]] евросун аяган жок. Бул келишим жылдын эң кымбат трансфери болду.
Футболчуну­ таа­ныш­­тыруу салтанатына 46 миң күйөрман келип, каармандын өзү №7-катар санындагы футболка кийип турду. Эми футбол күйөрмандарынын арасында эки суроо жаралды: Вилья «Барселонанын» курамында [[Месси, Лионел|Лионел Мессинин]] көлөкөсүндө жоголуп кетпейби жана [[УЕФА|УЕФАнын]] [[Чемпион Лига|Чемпион Лигасын]] жеңе алабы? Айта кетчү нерсе, анын буга чейин «Валенсияда», курама командада да ушул катар санында ойношу бекеринен эмес. 7 санынын астында анын келечегине жол ачкан атасы жана тун кызы [[Саида]] төрөлүшкөн.
 
== Испаниядагы эки балакайдын бири ==
 
Давиддин улуттук курама командадагы карьерасы жөнүндө төмөнкү эки мисал көп нерседен кабар берет. Ал Испания жеңип чыккан «[[ЕВРО-2008]]» менен «[[ЮАР-2010]]до» көп сандаган голдору менен командасына жеңиш алып берип, аталган мелдештердин башкы бомбардири болгон. Кызыгы, Испания курама командасынын ишенген эки чабуулчусу тең Балакай аталышат. Себеби Давид Вильянын да, [[Торрес, Фернандо|Фернандо Торрестин]] да лакап аттары ушундай. Эгер испаниялыктар Торрести Эль Ниньо дешсе, Вилья кичинекейинен эле чоңдор менен ойноп жүрүп Эль Гуахе (астурий тилинен которгондо ''«балакай»'' дегенди билдирет) аталып калган. Кошумчалай кетсек, Давид Испаниянын курамында алгачкы жолу оюнга 2005-жылдын 9-февралында чыгып, [[Сан-Марино|Сан-Мариного]] каршы оюн көрсөткөн.
 
== Азырынча 3 айымдын жүрөгүн багынтты ==
58-сап:
Жакында окумуштуулар изилдөө жүргүзүшүп, европалык башка футболчулардан айырмаланып, испаниялык футболчулар 3 жылга кечирээк үйлөнүшөрүн айтып чыгышты. Алар муну менен «эмне үчүн испаниялык футболчулардын көбү бойдок?» деген суроого жооп беришкен. Айтор, үй-бүлө куруп, никеде бактылуу жашап келаткандардын арасында бүгүнкү каарманыбыз да бар.
 
Давид 21 жашында бала кезиндеги сүйүүсү болгон [[Патрисия Гонсалес]] менен баш кошкон. Экөөнүн Саида жана [[Олайя]] аттуу кыздары бар. Жубайы Патрисиянын өспүрүм кезинде профессионалдык деңгээлде футбол менен машыкканы маалым. Атактуу футбол жылдызы Давиддин жеке жашоодо бактылуу экенин анын үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттөрүнөн байкоого болот. Футболчу бош убактысын үй-бүлөсү менен өткөрүүгө аракет кылат.
 
== Кызыктуу фактылар ==
64-сап:
*2006-жылы “[[Депортиво]]”-“Валенсия” беттешинде [[Пеле|Пеленин]] кыялын ишке ашырган. Майдандын ортосунан топту экинчи тийүүсүндө дарбазага жолдоп, жеңиш голун киргизген. Ушинтип гол киргизүүнү кыялдангандыгын Пеле моюнга алган.
*Майданга улуу кызынын аты жазылган «[[Адидас]]» фирмасынын спорттук бут кийимин кийип чыгат.
*«ЕВРО-2008ден» кийин басылмалар Вильяны «[[Реал Мадрид Реал_Мадрид_(футбол_клубу)|Реалга]]» «кудалашкан» эле. Ошондо эки тарап футболчунун баасы боюнча макулдаша албай коюшкан. Тактап айтсак, «Реал» 5 миллион евросун аяп койгон.
*13-октябрда [[Шотландия]] менен болгон оюнда курама командадагы 45-голун киргизип, Раулдун рекордун басып өттү. Кызыгы, 45-голу беттештин
45-мүнөтүндө кирген.
 
== Колдонулган адабияты ==
[http://www.super.kg/article/?article=5417]
 
[[Категория:Барселона]]