Хадис: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м робот өчүрдү: kaa:Ha’disler (missing), sw:HadithizaMtume Muhammad (missing), diq:Hedis (deleted), arz:حديثنبوى (missing), he:חדית’ (missing), ar:حديثنبوي (missing)
No edit summary
1-сап:
{{Ислам}}

«Хади́с» ({{тил|ar|الحديث}} «сөз»)— [[Мухаммед пайгамбар|Мухаммед пайгамбардын]] (САВ{{Салават}}) санат сөздөрү («кауль»), жактыруулары (макул табуулары) («такрир»), көрүнүшү («васфи») же кылган иш-аракеттери («филь»). Хадистер [[Сахабалар|Сахабалардын]] жардамы менен айтылып, сакталып келген.

Хадистерди колдонуу Мухаммед пайгамбардын{{Салават}} убагында эле башталган. Ар бир хадис бири-бирине айтып жеткирген адамдардын үзгүлтүксүз чынжырчасынан - иснаддан туруш керек. Башкача айтканда жеткирүүгө катышкан, эң биринчи уккан адамдан баштап бардык инсандардын тизмеси. Бирок хадистин шексиздиги, ырас экендиги (чын эле пайгамбар ушинтип айтканбы, же башка адамдар ойлоп чыгарганбы) үчүн үзгүлтүксүз иснад зарыл болгону менен, хадисти чындыка чыгаруу үчүн жетишсиз болгон. Жеткирүүчүлөрдүн толук тизмеси түзүлгөн соң, айтып берген адамдардын өмүр баяны изилденген. Эгер, кайсы бир айтып берүүчүнүн начар эс-тутуму, психикалык жактан токтоо эместиги, же жөн гана чынчыл эместиги билинсе, анда ал адам – начар жеткирүүчү катары саналып, айтылган хадис шектүү болуп саналган. Хадистер аныгы жагынан шексиз (сахих), жакшы (хасан), начар, шектүү жана ойлоп чыгарылган (башка адам атайы ойлоп чыгарып, пайгамбар айткан деп жайылтуу, калп) болуп бөлүнгөн.

Хадистер жөн гана насаат болуп тим болбойт. Мухаммед пайгамбар, ким пайгамбар айтпаганды айтты деп жалаа жаап, пайгамбардын атынан айтса ал тозоктон орун алат деп айткан. Пайгамбардын бул сөзү кудайга баш ийүүчүлөргө катуу таасир эткен. Хадистердин маңызы - Куранда жазылгандарды кененирээк, түшүнүктүүрөк кылып ачып берүү. Мисалы, [[Куран|Куранда]] [[намаз]] окуу буйрулган. Ал эми хадис намазды кандайча окуу керектигин түшүндүрөт.

Мухаммед пайгамбардын{{Салават}} сахабаларыны бири [[Абу Хурайра]] 5354 хадис айтып берген.

Белгилүү, беделдүү хадис жыйноочулардын бири – имам Мухаммад ибн Исмаил аль-Бухари (810—870). Ал 700 миңдин тегерегинде хадис жыйнап, алардын 7400 гана «аль-Джами' ас-Сахих» жыйнагына киргизген. Бул бардык хадистердин 1% ашыгыраагын гана түзөт. Ал эми калган хадистерин шектүү же начар хадис деп санаган.

16-сап:

=== Иснад ===
Исна́д ({{тил|ar|اٍسْنادٌ}}) — Мухаммед пайгамбардын{{Салават}} сүйлөгөн сөзүн, кылган ишин, туура көрүп, жактырган ишин бири-бирине айтып жеткирген адамдардын чынжырчасы. ИснадпайгамбарданИснад пайгамбардан{{Салават}} же сахабадан же табьинден баштап хадис жыйноочу аалымга чейин хадис жеткирүүгө катышкан адамдардан түзүлөт.Иснаддын башталышы бул бизге жакыныраагы, ал эми аягы - пайгамбарга жакын бөлүгү. Иснадда айтылган адам равий деп аталат. Иснад —бул хадис жеткирүүгө катышкан бардык равийлердин атынын аталышы. Хадистин бир равийден экинчи равийге берилиши - риваят, ал эми берилген хадис - марвий деп аталат.

=== Матн ===
Матн ({{тил|ar| مَتْنٌ}}) — бул Мухаммед пайгамбар{{Салават}} эмнени айтканын, эмнени кылганын, же туура көргөнүн айтылышы. Матн хадистин негизги бөлүгү болуп саналат. Матниснаддан кийин келет. Негизи хадистин маңызы бул – матн.Иснад болсо матнпайгамбарга же сахабага тиешелүү экендигин ырастайт.

== Хадистердин жыйнагы ==
=== Сунниттик жыйнактар===
35-сап:

== Хадис аль-Кудси==
Хадис аль-Кудсинин (аль-Ахадись аль-'Кудсийа) башка хадистерден өзгөчөлүгү, бул хадистерде түздөн-түз Аллахтын буйруктары Мухаммед пайгамбар{{Салават}} тарабынан баяндалат. Аль-Каринин айтканы боюнча, бул хадистерди дааратсыз деле окууга болот, жана алар намаз, дубаларда колдонулбайт.Мындай хадистердин саны көп эмес, ошондуктан мазмуну боюнча бөлүп коюшат:
* Кудайдын жалгыздыгын ырастоо;
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Хадис" булагынан алынды