Вилья, Давид: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
43-сап:
Давид футболдук чокуларды багынтууну өзү туулуп-өскөн Лангреодо баштаган. Ал жаш кезинен эле «[[Спортинг Хихон|Спортинг Хихондун]]» жаштар командасында ойноп, бардык тепкичтерди басып өткөн. Анан 18 жашында көптөн күткөн күнү келип, башкы командага чакыруу алган. Биринчи сезондо көбүнчө запаста отурганы менен, кийинки сезондо мүмкүнчүлүктү колунан чыгарган эмес. Ал 18 гол киргизүүгө жетишип, командасынын башкы чабуулчусуна айланат. Кийинки жылы голдорун 20га жеткирип, Испаниянын [[Жогорку Лига|Жогорку Лигасында]] ойногон «[[Реал Сарагоса]]» клубуна чакыруу алган.
 
«Реал Сарагоса» менен алгачкы ири сыйлыгы – Испаниянын кубогуна ээ болот. Ошондо анын клубу финалда мадриддик «[[Реал_Мадрид_(футбол_клубу)|Реалды]]» 3:2 эсебинде жеңген эле. Ошентсе да Вилья дүйнөгө мыкты оюнчу катары «[[Валенсия|Валенсиянын]]» курамында ойноп жүрүп таанылган. Валенсияда жашаган 5 жыл ичинде ал [[Испания]] курама командасынын ишенген чабуулчусуна айлана алды.
 
[[Файл:David Villa1.jpg|200px|thumbnail|right|Вилья өзүн [[Бaрселонa_(Футбол_клубу)|Барселонанын]] оюнчусу катары көрсөтүүдө ]]