Никколо Макиавелли: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 105 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q1399 (translate me)
2-сап:
== Чыгармачылык жолу ==
Макиавелли, Никколо (1469—1527) — коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө карата жаңы көз караштарды баяндашкан Ренессанс доорунун идеологдорунун биринчилеринен. Өзүнүн «Тит Ливийдин декадасына ой жүгүртүү» жана «Падыша» деген чыгармаларында Макиавелли мамлекетти жана мамлекеттик ишмердикти түшүнүүгө жаңыча мамиле жасоону адамдын этикалык жаратылыш позициясынан негиздөөгө умтулган. Ал Флоренцияда бир катар мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган. Чыгармаларынын көпчүлүгүн 1512-жылы өзүнүн душманы болгон Медичилер кайра бийликке келгенде камалып, андан соң өз чарбагына айдалып жиберилгенден кийин жазган. Макиавелли иш-аракеттин адамы болгон, ал: «Адегенде жашоо керек, андан кийин гана философиялык ой жүгүртүү керек» деген.<br />
 
[[File:Machiavel Offices Florence.jpg|thumb|right|]]
 
== Адам жөнүндө концепциялары ==
Өзүнүн чыгармаларында Макиавелли адам жөнүндөгү кеңири концепциясын иштеп чыгат. Барынан мурда, ал, адам жеке кызыкчылыкты көздөйт, мунун көрүнүшү өтө эле көп түрдүү болот, алардын ичинде өзүнүн мүлкүн, менчигин сактоого умтулуу да бар деп эсептейт. Ал «Падыша» деген чыгармасында «Адамдар мүлкүнөн ажырап калганга караганда атасынын өлгөнүн оңой кечирет» деп жазган экен.<br />
Макиавелли маңызы негизинен эгоизмде болгон адам жаратылышын аныктай турган принциптерди ушундайча сүрөттөйт. Өзүнүн концепциясы үчүн далилдерди аны курчап турган италиялык шаарлардын турмушунан алган.<br />
 
== мамлекеттик уюм жөнүндө концепция ==
Мына ушул этикалык доктринага таянып, Макиавелли өзүнүн мамлекеттик уюм жөнүндөгү концепциясын түзөт, анын пикири боюнча, мамлекеттик уюм күч колдонуу аркылуу адамзаттын эгоизмине карама-каршы турууга тийиш. Макиавелли Орто кылым үчүн мүнөздүү болгон абстрактуулуктун активдүү каршысы болгон, мунусу менен ал Ренессанстын гуманисттик активдүүлүгүнүн дагы бир тарапкери катарында чыккан. Мамлекет теориясында Макиавелли чиркөө менен динге орун берген эмес. Ал карапайым калк үчүн дин- дин зарылдыгын тааныса да, анын пикири боюнча, керексиз болуп калган католик динине каршы чыккан.<br />