Исхак Раззаков: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
No edit summary |
||
1-сап:
[[File:Razzakov2.jpg|thumb|right|И.Раззаков]]
'''Исхак Раззакович Раззаков''' (25 октябрь 1910, Хоросан Бокса айылы, Фергана областы, Россия империясы — 19 март 1979, Москва шаары, СССР) — Кыргыз элинин улуу жетекчиси, мамлекеттик жана саясий ишмер.
1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. [[Ташкен|Ташкендеги]] педагогикалык техникумун (1931 ж.), [[Москва|Москвадагы]] пландоо институтун бүтүргөн(1936 ж.).
1945-1950-жж. [[Кыргыз ССР]] Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961 жж. Кыргыз ССР Коммунистик партиясынын Борбор комитенин биринчи катчысы болуп иштеген.
1945 – 61-жылдары элибизге албан эмгек өтөп, 35 жашында Министрлер Советинин Председатели, 40 жашында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы болот. Ошентип, Октябрь революциясынан кийин 33 жыл өткөн соң гана Москва республикалык партиялык уюмду, демек Кыргызстанды башкаруу милдетин биринчи ирет кыргыз кулунуна ишенип тапшырган… Төрт Ленин, эки [[Эмгек Кызыл Туу]] ордендери, Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы, [[Кызыл Жылдыз]] ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
Ошол кездери мен Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде инструктор болуп иштеп жүрүп, Исхак Раззаковичтин акылман, ишмер, адилет, эң таза, кадрларга, өзгөчө жаштарга камкор экенин жакындан өз көзүм менен көргөн элем. Кызыгы, чоң-чоң жыйындарда чечендик учкул сөздөрү менен элди сөзсүз 2-3 ирет күлдүрүп, отургандардын маанайын көтөрүп коймой артыкчылыгы да бар эле. Чыныгы Жолбашчы, нукура Көсөм эле деп ошол кишини айтуу керек!
Айрыкча, ал элибизди түндүк-түштүккө, урук-урууларга жиктөө, жердешчилик өңдүү эски калдыктарды өтө зыяндуу илдет катары эсептеп, ага каршы күрөшкөнүн баса белгилемекчимин.
1955 – 56-жылдар болуу керек. Идеологиялык иштин абалы боюнча Кыргызстан КП БКнын чоң жыйыны өткөн. Ораторлор сөздөрүн бүткөн соң И.Раззаков корутунду сөз менен чыгып сүйлөйт. Ага берилген бир суроону ачык окуп берет. Анда “Эмне үчүн Илимдер академиясында жана партиялык-советтик кызматтарда жалаң эле Түндүк жактан, [[Ысык-Көл|Ысык-Көлдөн]] келип иштеп жатышат?” – делиптир. Аягына кол коюлбаптыр. И.Раззаков күлүмсүрөп: “бул суроого жооп бербесе да болот эле. Себеби, ээси жок, колу да жок. Ошого карабастан жооп бербесек болбойт. Анткени, суроо өтө манилүү. Суроону берген адам Кыргыздын тарыхын билбесе керек. Демек, мен бир аз
Кийин пенсияга чыкканда да И.Раззаков кичи мекени Кулунду айлына барганда бир жердеши “Сен бийликте турганда кадрларды жалаң Түндүктөн тандоочу элең”, – деп, кычык сөз айтканда Искак Раззаковичтин “Мен үчүн Кыргызстан – бир жер, бир эл !” – деп, берген жообу элибизде учкул сөзгө айланды. Маркумдун бул сөзү бардыгыбыз, айрыкча жетекчи кадрларыбыз үчүн ураан болуп калышы керек!
|