Мажму ат-Таварих: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
6-сап:
В.В.Бартольддун ою боюнча: "китеп Ферганадагы Касан шаарынын шейхтеринин тарыхын өзүнө камтыйт жана чыгармада шейхтердин жашоосу фантастикалык түрдө мүнөздөлүп, көптөгөн анохронизмдер колдонулган башкача айтканда бул китепте бардыгы жуурулушуп берилген”. "Маджму ат-таварих" бул жарым тарыхый жана жарым легендалуу чыгарма. Анда тарыхый фактылар менен даталар, легендалар менен ойдон чыгарылган нерселер аралашып, комбинациялуу мүнөздө берилген. Бирок дал ушундай легендалык мүнөздө жазылганы менен өзгөчөлөнүп турат. Окумуштуу А.Т.Тагиржановдун ою боюнча "Маджму ат-таварихтин" негизги бөлүгү 1503-1514-жж жазылган. Ушул негизги белүмүндө өзгөчө белгилей кетчү нерсе кыргыз элинин улуу мурасы "Манас" эпосу тууралуу сюжеттик маалыматтарды берген. Ошондой эле аталган эмгекте ар кандай этнографиялык материалдар, жер суу аттары, казак, кыргыз уруулары жөнүндө кызыктуу маалыматтар, кыргыздын эпикалык элдик оозеки чыгармаларынын, уламыштарынын таасири астында берилген. Негизги бөлүмүн автор элдик оозеки чыгармаларды, уламыштарды колдонуп жазганын көрүүгө болот. Чыгармада оозеки уламыштар менен тарыхый маалыматтарды аралаштырып, автор эпикалык уламыштарды жаратуу менен, алардын негизги каармандары кылып, Ширкент шейхтерин көрсөткөн. Бирок, автор тарабынан жазылган, көптөгөн тарыхый окуялар (м: Есугей Бахадур Чынгыз-хандын атасы, анын өлүмү, Ван Хан тара¬бынан кераиттердин басылып алынышы, Чыңгызхандын такка келиши, Туглук Темир ж.б.) маалыматтары чындыкка дал келет.
==Чыгарманын экинчи бөлүгү==
Чыгарманын экинчи бөлүгү суфий шейхтеринин адаттагы, күнүмдүк жашоосу жөнүндө берет. Анда шейхтердин генеологиясы, алардын эрдиктери, укмуштуу окуялары жөнүндө кызыктуу маалыматтарды берет. Бул бөлүмдүн автору Нур Мухаммед атасынын мисалында жазып, ал дагы өзүнүн насаатчысы Курбан Валини ошол мезгилдеги окуялардын чордонунда кылып көрсөтүүгө аракет кылган. Нурмухаммед суфий шейхтеринин жашоосун кенен чагылдырып ошону менен бирге эле алардын Орто Азиянын руханий жашоосунда чоң роль ойногонун жана Моголистандагы көчмөн уруулар болгон казах, кыргыздардын арасында ислам дининин таралышына өздөрүнүн салымын кошкондугун жазган. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе бул чыгармада көптөгөн фантастикалык сүрөттөмөлөр жогорудагы шейхтердин ишмердүүлүгүн чагылдырууда көбүрөөк колдонулганы жана далилдүү тарыхый маалыматтардын аз экени. Мындан авторлордун негизги максаты элдин арасына Ширкент шейхтеринин ка-дырын көтөрүүгө, атак даңктуу кылууга жа-саган аракети экенин байкоого болот. Чыгарманын негизги бөлүмүндө пайгамбарлар менен имамдардын кыскача тарыхын жана Ширкент шейхтеринин санжырасынан берип, андан кийин түрк элдеринин, калмактардын келип чыгышы, түрк урууларынын аттарын санап кетет. Андан ары Абул-Хаир хандын имам жафар Садык менен болгон күрөшү жана гуздар жөнүндө айтылат ошондой эле кыргыздардын келип чыгышы жөнүндө да айтып келип: кыргыздар булар Римге кетпей калган (Элдердин улуу көчү мезгилинде) кырк гуздардын урпактары жана алар Ходжент тоолорунда жашайт деген. Андан ары Гурхандын (Элюй Даши) жортуулу, ага каршы Тули хан, Дува хандын күрөшү ж.б берилет.
=="[[Манас]]" эпосу тууралуу==
Бул эмгекте кыргыздын [["Манас" эпосу|“Манас” эпосу]] тууралуу да жазган жана Манас жөнүндө жазма булактарда кездешкен алгачкы булак болуп эсептелинет. Окумуштуу А.Т.Тагиржанов : "Маджму ат таварихте" Манас биринчи кагазга түшкөн эпос" дейт. А.Т.Тагиржанов эпосту илимий айлампага айландыргандан кийин В.Н. Жирмунскийдин көңүлүн бурган. Мунун тарыхый этногра-фиялыкэтнографиялык мааниси чоң дешкен окумуштуулар. Чыгармада Манас Каркарада төрөлгөнүн, атасы Якуббек болгонун жазат. Мындан сырткары кырк чоросу, Онг хандын уулу [[Токтомуш|Токтомыш]] Манастын жакын досу болгонун, калмак ханы Чункченин уулу Жолой анын душманы болгонун, Манасия шаары Манаска арналган шаар экенин жазып, бирок Манастын өлгөнү анын ту-кумдары жөнүндө жазган. "Маджму ат таварихте" кыргыз урууларына байланыштуу маалыматтарды камтыган тарыхый материалдар бир канча фрагменттер аркылуу берилген. Ушуга байланыштуу “92 боолуу өзбек” деп түрк урууларын санап өтөт. Маджму ат таварихте тарыхый окуялар уламыштык аңгеме түрүндө берилсе да, кайсы бир деңгээлде кыргыз элинин келип чыгы-шынын негизги бутактары жөнүндө элдин аң-сезиминде сакталган уруу-уруктук структураны чагылдырат. Автор 92 көчмөн уруулардын аттарын берип, аны диний сюжетке байланыштуу кылып жазган. Кыскача мазмунунда 92 киши бир адамдын балдары болгонун жана 13 аялдан төрөлгөнүн берет. "Маджму ат таварихти" орус тилине окумуштуу В.А.Ромодин которгон. Бул чыгарма башка дагы кыргыз тарыхына байланыштуу тарыхый булактар менен бирге [[Москва|Москвадан]] 1973-жылы чыккан "Материалы по истории кыргызов и Киргизии" деген жыйнактын биринчи чыгарылышында орус тилинде жарык көргөн.
 
 
==Пайдаланылган адабият==