Кинематограф: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
11-сап:
Кинематографка салыштырмалуу жакын болгон аспаптар:
«Кинетоскоп» Эдисон, И. А. Тимченконун аспабы (1893), Ж. Демендин «Хронофотографы» (1893), америка окумуштуусу Ж. А. Ле Ройдун проектору (1894), проектор «паноптиком» америка окумуштуусу У. Латам (1895), «плеограф» поляк К. Прушинский (1894)ж.б Ал эми 1895-96-жж кинематографтын бардык элементтерин камтыган аспаптар конструкцияланган: Францияда ага-ини Люмерлер "Синематограф" (1895) жана Ж.Демень "хронофотограф" (1895), Германияда М. Складановский "Биоскоп", О. Местердин кинопроектору (1896), Англияда Р. У. Пол "Аниматограф" (1896), Россияда А. Самарский - "Хронофотограф" (1896), И. Акимов - "Стробограф" (1896), АКШда Т. Армат - "Витаскоп" ж.б
Кинематографтын жайылуусуна кыска метраждуу фильмдердин тартылып жана жалпы коомчулукка көрсөтүлө башташы негиз койду. 1895-жылдын 1-ноябрында Берлинде М. Складановский өзүнүн "Биоскобу", ал эми ошол эле жылдын 28-декабрында ага-ини Люмерлер тарабынан "Синематограф" аспабы менен алгачкы фильм көрсөтүүсү уюштурулган.1896-1897-жж аралыгында ачык фильм көрсөтүүлөр бардык дүйнө шаарларында ишке ашырылган. Ал эми Орусия империясында алгачкы киносьемка фотохудожник А. Федецкий тарабынан Харьков шаарында уюштурулган. Алгачкы орус документалдуу тасмасы болсо "Поезддин Харьков вокзалынан платформасындагы башкармалыгы менен узактоосу" болгон. (1896).
 
'''Үнсүз фильмдер'''
{{Main|Үнсүз фильмдер}}
 
Алгачкы кыска метраждуу фильмдер (болжолдуу 1,5 мүнөт) көпчүлүк учурда комедиялык жанрга ыктаган. Ага-ини Люмерлердин комедиялык "Суу болгон сугатчы" тасмасынан соң оюн киносунун жаралуу , чагылдыруу тенденциялары башталган.
Алгачкы фильмдердин кыска болуусу киноаппаратуранын техникалык жактан жетишсиздигинен улам болгондугуна карабастан, 1900 - жж кинокартиналардын узундугу 200 - 300 метрге жете башщтаган (15-20 мүнөттүк демонстрация). Кийинчерээк тартуучу жана проекциялоочу техниканын өнүгүшү фильмдердин узундуктарынын өсүшүнө, көркөм сьемка ыкмаларынын сан жана сапат жагынан байышына, актердук ролдордун жана режиссуранын өнүгүшүнө алып келди. Ал эми кинематографтын жайылышы жана популярдуулукка жетишүүсү ага экономикалык жактан пайда алып келүү менен бирге, анын көркөм баалуулугуна да таасирин тийгизди.
Фильмдердин сюжетинин кеңири масштабга жетишүүсү жана татаалдашуусунун негизинде кинематограф жанрлары калыптана баштайт, ар бир жанр үчүн атайын көркөм чагылдыруу ыкмаларынын тобу түзүлөт.
"Үнсүз" фильмдердин өнүгүү деңгээлинин туу чокусу болуп анын өзүнө таандык көркөм чагылдыруу каражаттары бар өз алдынча искусствонун түрү катары калыптанган XX кылымдын 20 - жылдары эсептелет.
 
'''Үндүн пайда болуусу'''
XX кылымга чейин эле [[Томас Эдисон]] «[[кинетоскопту]]» [[фонограф]] менен айкалыштыруу аракеттерин жасаган, бирок ийгиликке жетише алган эмес. Бирок, кийинчерээк, Эдисондун соавтору [[Уильям Диксон]] өзүнүн 1889-жылы эле үн жана сүрөттөлүштү бир убакта ойното алган аспап( [[кинетофонограф]] ) ойлоп тапканын айтканы менен далили болгон эмес.
 
Кинематографтын алгачкы учурларында эле көптөгөн өлкөлөрдө үндүн кошотоосундагы кино жаратууга аракеттер болгон, бирок эки негизги көйгөй : үн менен сүрөттөлүштү айкалыштыруунун татаалдыгы жана үндүн жетишээрлик эмес деңгээлде бийик болуусу бул ишти аягына чыгарууга тоскоол болуп турган. Биринчи көйгөйдү үн жана сүрөттөлүштү бир эле алып жүрүүчүгө жаздыруу менен чечилген, бирок экинчисин чечүү үчүн жаңы аспап[[төмөнкү жыштыктагы усилитель]] ойлоп табуу керек болгон жана ал 1912 - жылы гана ойлоп табылган.
Бул аспапка [[патент]] 1919 - гана патент берилгени менен, кинокомпаниялар фильмдерге үн кошуу жолун кино тартууга кеткен чыгымдардын өсүп кетүүсүнөн, прокаттын кымбаттоосунан жана чет тилдеги кардарларды жоготуп алуудан кооптонушуп анчейин маани беришкен эмес. Буга карабастан [17-сентябрь]] [[1922-жылы] Берлинде дүйнөдө биринчи жолу үндүн коштоосундагы фильмдин бет ачары болгон.
<ref name="Звук">[http://www.novayagazeta.ru/news/322400.html Показ звукового фильма в Берлине]</ref>
1925-жылы банкротчулук алдында турган [[Warner Brothers]] компаниясы опурталдуу ишке - үн коштоосундагы проектке бел байлайт. 1926-жылы Warner Brothers музыкалык номерлерден турган бир нече үндүн коштоосундагы фильмдерди чыгарат, бирок анчейин ийгиликтүү боло алган эмес. Алар ийгиликке «[[Джаз ырчысы (фильм, 1927)|Джаз ырчысы]]» фильми менен гана жетише алышты. Фильмде [[Эл Джолсондун ]] аткаруусундагы бир нече музыкалык номерлер жана анын кыскача репликалары чагылдырылган. [[Джаз ырчысы (фильм, 1927)|жаз ырчысы]]» фильминин бет ачаар күнү болгон [[6-октябрь]] [[1927-жыл] үндүн коштоосундагы фильмдин жаралган күнү болуп эсептелет.
 
Үнсүз кино