Кинематограф: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
2-сап:
Кинематограф бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдүн маданиятында басымдуу орунду ээлеп келет. Ошол сыяктуу эле, көптөгөн мамлекеттерде кинондустрия экономиканын негизги тармактарынан болуп эсептелет. Кинофильмдерди тартуу киностудияларда жүргүзүлөт. Фильмдер кинотеатрларда, телевидениеде, видеокассета жана видеодиск аркылуу жайылат, ошондой эле жогорку ылдамдыктагы интернеттин пайда болуусу менен көрүүчүлөр атайын интернет сайттардан фильмдерди видеофайл формасында жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Эске салчу жагдай, интернет аркылуу жүктөө жолу фильмдердин автордук укугунун бузулушуна алып келүүсү мүмкүн.
 
'''== Кинематографтын тарыхы''' ==
'''Кинематографтын жаралышы'''
 
Негизги макала:=== Кинематографтын жаралышы ===
Кинематограф тынымсыз кыймылдуу обьекттердин сүрөттөлүшүн материалдык алып жүрүүчүгө жайгаштыруу жана ал кыймылдуу сүрөттөлүштү экранга чагылдыруу боюнча жасалган аракеттердин негизинде келип чыккан.Бул үчүн дароо бир нече техникалык аспаптарды ойлоп табуу керектелген. Алар: ийилчээк жарык сезгич тасма, хронофотографиялык сьемка жүргүзүүчү аспап, бат алмашып турган сүрөттөлүштөр үчүн проектор. Алгачкы ийилчээк жарык сезгич күйүүгө жөндөмсүз тасма орус фотографы И. В. Болдырев тарабынан 1878-1881-жж, андан соң күйүүгө жөндөмдүү, целлулоид тасмасы америкалык ойлоп табуучулар Г. Гудвин (1887-ж) жана Ж. Истмен (1889-ж) тарабынан ойлоп табылган. Ал эми алгачкы хронофотографиялык аспаптар XIX кылымдын 80-жж ойлонуп табылган. Аларга: "Фотокурал" (француз физиги Э. Марей тарабынан 1882-ж), француз ойлоп табуучусу О. ле Бертстин аспабы (1888), британ окумуштуулары У. Фризе-Грин жана М. Эванстын аспабы (1889), орус фотографы А. Дюбюктун аспабы (1891), француз физиологу Ж. Деменинин "Фоноскоп" (1892) кирет. Бат алмашкан сүрөттөлүштөрдү экранга проекциялоочу аспаптардын алгачкысы - "Тахископту" орус жана немец фотографтары А. Дюбюк жана О. Анщюц 1891 жана 1892- жылдары бири-биринен айырмаланган конструкциялары менен түзүп чыгышкан. Француз окумуштуусу Э. Рейно да "Оптикалык театр" проекторун ошол эле жылы конструкциялаган.
 
Line 14 ⟶ 13:
 
'''===Үнсүз фильмдер'''===
{{Main|Үнсүз фильмдер}}
 
Алгачкы кыска метраждуу фильмдер (болжолдуу 1,5 мүнөт) көпчүлүк учурда комедиялык жанрга ыктаган. Ага-ини Люмерлердин комедиялык "Суу болгон сугатчы" тасмасынан соң оюн киносунун жаралуу , чагылдыруу тенденциялары башталган.
Алгачкы фильмдердин кыска болуусу киноаппаратуранын техникалык жактан жетишсиздигинен улам болгондугуна карабастан, 1900 - жж кинокартиналардын узундугу 200 - 300 метрге жете башщтаганбаштаган (15-20 мүнөттүк демонстрация). Кийинчерээк тартуучу жана проекциялоочу техниканын өнүгүшү фильмдердин узундуктарынын өсүшүнө, көркөм сьемка ыкмаларынын сан жана сапат жагынан байышына, актердук ролдордун жана режиссуранын өнүгүшүнө алып келди. Ал эми кинематографтын жайылышы жана популярдуулукка жетишүүсү ага экономикалык жактан пайда алып келүү менен бирге, анын көркөм баалуулугуна да таасирин тийгизди.
Фильмдердин сюжетинин кеңири масштабга жетишүүсү жана татаалдашуусунун негизинде кинематограф жанрлары калыптана баштайт, ар бир жанр үчүн атайын көркөм чагылдыруу ыкмаларынын тобу түзүлөт.
"Үнсүз" фильмдердин өнүгүү деңгээлинин туу чокусу болуп анын өзүнө таандык көркөм чагылдыруу каражаттары бар өз алдынча искусствонун түрү катары калыптанган XX кылымдын 20 - жылдары эсептелет.
 
'''===Үндүн пайда болуусу''' ===
XX кылымга чейин эле [[Томас Эдисон]] «[[кинетоскопту]]» [[фонограф]] менен айкалыштыруу аракеттерин жасаган, бирок ийгиликке жетише алган эмес. Бирок, кийинчерээк, Эдисондун соавтору [[Уильям Диксон]] өзүнүн 1889-жылы эле үн жана сүрөттөлүштү бир убакта ойното алган аспап( [[кинетофонограф]] ) ойлоп тапканын айтканы менен далили болгон эмес.