Маша жана Аюу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
15-сап:
| Режиссеру = Олег Кузовков, Олег Ужинов, Денис Червяцов, Марина Нефёдова, Ольга Баулина
| Редактору =
| Студия = Анимациялык [[студия]] «Анимаккорд», «Маша жана аюу»
| Жайылтуучу =
| Чыккан жылы = 7 январь [[2009]] жыл
26-сап:
 
== Жаралуу тарыхы ==
«Маша менен аюу» кичинекейлердин аудиториясына арналган. Үч көлөмдүү графикада тартылган мультфильмди алгач 2009-жылы жаш көрүүчүлөр “Түнүңөр бейпил болсун, балдар” берүүсүнөн көрө башташкан. Мультфильмдин автору – Олег Кузовковдун мультипликацияда 20 жылдык иш тажрыйбасы бар. “Маша менен аюу” мультсериалын жаратуу идеясы ага мындан 14 жыл мурун [[Крым|Крымда]] эс алып жүргөн кезинде келген. Ал тууралуу Олег мындай дейт: “Пляжда эч нерседен тартынбаган кичинекей шок кыз бар эле. Кыз бүт чоңдорду сууга секиртип, токойдо издеттиргенине күбө болдум. Акыркы күндөрү анын ата-энеси кызынын ар бир баскан кадамын аңдып калышкан болчу. Бир чети кичинекей кыздын шоктугуна күлкүм келсе, бир чети ата-энесине боорум ооруган. Ошондо ошол шок кыз жөнүндө күлкүлүү бир [[мультфильм]] жараткым келген. [[2007]]-жылы демөөрчүлөрдү таап, колдоо алганда гана планымды ишке ашырууга кириштим”,- дейт. Демек, мультфильмдеги Машанын чыныгы жашоодогу прототиби бар.
 
[[Файл:Маша.jpg|250px|thumbnail|left]]
 
== Аюуну тажаткан тентек Маша ==
[[Маша]] – жаны жай албаган тентек кыз. Ал жакын досу аюуга эч тынчтык бербейт. Чыр мүнөз, чыдамы жок, чектен ашкан шок жан. Этиятсыздыгынын айынан дайыма ар кандай кооптуу абалга түшүп калмай жайы бар. Мындай абалдан аны жакын досу [[аюу]] дайыма куткарат. Маша оюна эмне келсе, ошону ишке ашырмайынча көңүлү тынчыбайт. Кызыккан суроолоруна канааттандырарлык жооп алмайынча аюунун жинине тийгени тийген. Андан сырткары таттууну, аюунун сыйлыктары жана кубоктору менен ойногонду жакшы көрөт. Ал эми аюунун мүнөзү токтоо, ак көңүл. Өмүр бою [[цирк|циркте]] иштеп жүргөн, учурда пенсиядагы ардагер. Сыйлыктары менен кубоктору – циркте иштеп жүргөндөгү ийгиликтери. Тынчтыкты жана ыңгайлуулукту сүйөт. Машанын бир жерге отуралбас мүнөзүнүн айынан дайыма жабыр тартып келет. Аюу Машадан баш тарта албайт, анткени ансыз жашоосу супсак. Чыдамы түгөнүп баратса да, Машадай досу бар экенине ыраазы.
 
[[Файл:Машкау.jpg|250px|thumbnail|right]]
38-сап:
Негизи, аталган мультсериалды 3төн 9 жашка чейинки кичинекей балдар үчүн деп болжолдошкон. Бирок мультфильм жаратуучуларды ата-энелер да калтырбай көргөнү таң калтырган. “Түнүңөр бейпил болсун, балдар” берүүсүнүн көрүүчүлөрүнүн 24 пайызы гана балдар, ал эми 76 пайызы чоңдор болуп чыккан. Бул да болсо мультфильмдин чоңдор арасындагы популярдуулугунан кабар берет.
Мындан сырткары [[француз]], [[испан]], [[эстон]], [[латыш]], [[литва]] тилдерине которулган. Эл аралык деңгээлге чыга алган “Маша менен аюу” мультфильми 1 жарым жыл аралыгында 16 сыйлык алган.
Авторлордун билдирүүсүндө, мультфильм [[Европа|Европада]] жакшы кабыл алынууда. Анткени [[анимация]] дүйнөсүндө классикага айланган “]][[Том менен Жерри]]”, “Сениби“[[Сениби, шашпа!]]” мультфильмдери диалогдук түрдө эки адамдын сүйлөшүүсү аркылуу алардын кыймыл-аракетин берсе , “Маша менен аюуда” [[диалог]] жок. Аюу эмоциясын ымдап, [[мимика]] жана [[клоун|клоундук]] аракеттери менен гана түшүндүрө алат. Анимацияда клоунада эң татаал болуп эсептелет. Бул режиссёрдон бир топ түйшүктүү эмгекти талап кылары анык.
 
 
44-сап:
*«Мультивидение» фестивалында «Балдар үчүн мыкты фильм» наамын алган.
*[[Вильнюс]] шаарындагы "Tindirindis-2009” Эл аралык анимациялык фестивалында “Креативдүү юмор” наамы боюнча диплом менен сыйланган.
*[[Улуу Британия|Улуу Британияда]] «БАФ-2009» сыйлыгынын “Мыкты телевизиондук мультсериал” наамы боюнча сыйлык алган.
*«Суздаль-2010» анимациялык фестивалынын «Балдар үчүн мыкты фильм” наамынын жеңүүчүсү.