Автомобиль: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 132 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q1420 (translate me)
4-сап:
'''Автомобиль''' (''авто...'' жана [[Латын тили|лат]]. mobilis — кыймылдоочу) — өз кыймылдаткычы менен [[рельс|рельссиз]] жолдо жүрүүчү машина.
== Тарыхы жана түрлөрү ==
Шамалдын күчү же ичиндоичинде отурган адам күчү аркылуу жылып жүрүүчү арабаны жасоого орто кылымдарда эле аракет болгон. Өркүндөтүлгөн «өзү жүргүч арабаны» орус дыйканы механик Л. Шамшуренков жасаган (1752). 1784—91-жылда орус ойлоп чыгаруучусу И. П. Кулибин үч жана торт дөңгөлөктүү «өзү жүргүчтү» курууга далалат кылган. Советтик биринчи автомобиль 1924-ж. чыгарылган. [[СССР|СССРде]] 1932-жылдан баштап ГАЗ маркасындагы автомобиль массалык түрдө чыгарылган. Автомобильдер колдонулушуна жараша транспорттук, атайын жана [[спорттук автомобиль|спорттук]] болуп бөлүнөт.
=== Транспорттук автомобиль ===
Транспорттук автомобиль жүктөр жана жүргүнчүлөр ташуу үчүн, атайын автомобиль керектүү жабдуулар менен жабдылып, өрт өчүрүү жана коммуналдык тейлөөлөр үчүн колдонулат. <br />
12-сап:
Жеңил автомобильге 2—8 адам отурууга ылайыкталып, жабык (седан жана лимузин), ачык (фаэтон) жана ачылма (кабриолет) кузовдор менен жабдылат. Жүк ташуучу автомобильге жүк салына турган кузовдор орнотулат, алардын жүк көтөрүмдүүлүгү 0,25—100 т га барабар. Жөлдө жүрүү жөндөмдүүлүгү боюнча автомобилдер жолдо жүрүүчү, карьердик жана өтүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылган болуп бөлүнөт. Жолдо жүрүүчү автомобиль автомобилдик жолунун жалпы тармагында пайдаланылат. Өлчөмдөрү чоңойтулган карьерде жүрүүчү автомобиль атайын жолдордо, мисалы, карьерлерде иштейт. Өтүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылган автомобиль кыйын шарттарда же жолсуз жерлерде иштөөгө ылайыкталган. Автомобиль кыймылдаткыч, трансмиссия, жүрүүчү бөлүк, башкаруу механизмдери, электр жабдуулары, кузов жана кабинадан турат. Автомобилдер кыймылдаткычтарынын түрлөрүнө жараша бензиндик, дизелдик, газ-баллондуу жана газ-генератордуу болуп бөлүнөт.<br />
[[Файл:Karburator.jpg|300px|thumbnail|left|1-сүрөт. МЗМА-412 карбюратордун кыймылдаткычтын туурасынан кесилиши: 1—картер; г—муунактуу вал; 3—шатун; 4 — поршендин шакекчеси; 5 — поршень; 6 — цилиндрдин блогу; 7 — клапан; 8 — цилиндрдин бөркү; 9 — бөлүштүргүч вал; 10 — коромысло; 11 — карбюратор; 12 — стартёр,]]
 
== Автомобиль кыймылдаткычы ==
Автомобиль кыймылдаткычы — автомобилди кыймылга келтирүүчү [[механикалык энергия|механикалык энергиянын]] булагы болгон атайын кыймылдаткыч.<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Автомобиль" булагынан алынды