Жусуп Абдрахманов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
19-сап:
1960-жылдары дүйнөдөн өткөн белгилүү котормочу С.Бектурсуновдун айтуусу боюнча Абдрахмановдун акыркы күндөрү белгилүү болду. Ал киши дагы суракта болуп, Абдрахманов бир дагы күнөөнү мойнуна албастан, өзүн эр жүрөктүк жана ишенимдүүлүк менен бекем кармагандыгын жана эч кимди каралабагандыгын өз көзү менен көргөн. Жусупту сындырыш үчүн, аны каралап кол коюп беришкен [http://Ибрай%20Тойчинов Ибрай Тойчинов] жана [http://Баялы%20Исакеев Баялы Исакеев] менен беттештиришкенде, Исакеевдин канжалаган башын жөлөп, столдогу сууну алып бети-башын жууп, жаратын таңып берген экен. Ушул аракети анын эрдигин, абийир, ар-намысты баарынан жогору койгон кашкөйлүгүн, кек санабаган айкөлдүгүн көрсөтүп турбайбы. Мунусу үчүн Жусуп абдан токмок жейт. <br>
1938-жылдын 5-ноябрында суракка чакырылган Абдрахманов тергөөчүнүн чылым чегип, ром ичип отурганын көрөт. Чылымынан алып чегип, ромдон куйдуруп ичип туруп, анан баягы ашмалтай суроолорун берип, кайра суракка алмакчы болгон тергөөчүнү отургуч менен башка урат. Жүгүрүп келген сакчылар Жусупту атып ташташат. Кыргыздын эр жүрөк уулу Жусуп Абдрахманов ошентип каза табат. <br>
[[File:image007.jpg|thumb|Үй-бүлөлүк альбомдон]]
Абдрахмановдун чыныгы публицист жана тарыхчы болгондугун дагы айтпай кетишке болбойт. Башка кээ бир жолдоштору ([http://Т.%20Айтматов Т. Айтматов], [[Э. Эсенаманов]], М. Булатовдор) сыяктуу расмий жогорку билим алууга үлгүрбөсө да, ал тубаса акыл-эсине жана жаркын талантына таянуу менен өзүнүн университеттерин Совет бийлиги жана социализм үчүн күрөштүн алдыңкы катарында болуп бүтүргөн. Жусуп [[орус тили|орус тилин]] мыкты билген, бул тилде эркин сүйлөгөн, өзүнүн атактуу күндөлүктөрүн жана эмгектерин ушул тилде жазган. Ушул тил аркылуу ал дүйнөлүк адабияттын, маданияттын мыкты үлгүлөрүнө дайыма сугарылып турган. Мындан тышкары, Абдрахманов [http://фарси%20тили фарси] жана [http://немец%20тили немец тилдерин] билген деген маалыматтар бар. Бул жагынан дагы Жусуп бир нече тилде, анын ичинде англисче эркин сүйлөгөн жана бүткүл элин ушуга тарбиялаган Ли Куан Юга окшоп кетет. <br>
Ал «Правда», «Известия» жана «Правда Востока» сыяктуу борбордук басылмаларда, республикалык газета-журналдардын беттеринде дайыма элдин жүрөгүнөн орун тапкан актуалдуу эмгектерин жарыялап турган. Абдрахмановдун 1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшу тууралуу жазган «Предвестник Октября» (кийин өзү «Восстание 1916 года» деген ат менен брошюра чыгарган) деген макаласы аны бул маселени көтөргөн эң биринчи кыргыз тарыхчысы деп эсептешке негиз берет. Бул макаласы үчүн Жусуп республикалык партиялык органдар тарабынан ошондогу ашмалтай күнөөлөрдү коюу менен тепкиге алынган. Абдрахмановдун тарыхый башка эмгектери дагы бар экени белгилүү. <br>