Difference between revisions of "Өзүбек Абдыкалыков"

no edit summary
 
 
 
Акын '''Өзүбек Абдыкалыков''' [[Кочкор (район)|Кочкор районунун]] Талаа-Булак айылында 1954-жылы 3-июнда туулган. 1976–1978-жж. [[Баку]] шаарында Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1981-жылы [[Кыргыз мамлекеттик университети|Кыргыз мамлекеттик университетинин]] кыргыз филологиясы факультетин аяктаган.
Эмгек жолун Кочкор районунун К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1976-жылы алгачкы чыгармасы «Мугалимдер газетасына» басылган.
Эки жыйнактын автору. «Адамдарга кайрылуу» аттуу биринчи китеби 1996-жылы жарык көргөн.
1996, 1998-жылы Кыргыз Республикасынын [[Билим берүү]] жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» болгон.
Балдар үчүн жазылган «Уя» аттуу аңгемелер жыйнагы 2010-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын [[Маданият]] жана маалымат министрлиги тарабынан уюштурулган сынакта баалуу сыйлыкка татыган.
2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү